News

29.06.2021 (Обновлено: 14.10.2021 13:02)

ЕЭК Коллегиясы КЭРден алып келинген жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүнө карата демпингге каршы алымдын аракеттенүү мөөнөтүн 5 жылга узартты

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына КЭРден алып келинген жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүнө карата демпингге каршы алымдын аракеттенүү мөөнөтүн 5 жылга узартуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Бул чечим колдонулуп жаткан чаранын аракеттенүү мөөнөтүнүн аякташына байланыштуу ЕАЭБдин дөңгөлөк өндүрүүчүлөрүнүн арызынын негизинде ички рынокту коргоо департаменти тарабынан 2020-жылдын 19-августунда башталган демпингге каршы кайта иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча кабыл алынды.

"Иликтөөнүн жүрүшүндө алынган маалыматтарды талдоо демпингдик импортту улантуу мүмкүнчүлүгү жана демпингге каршы чаранын аракети токтотулган учурда экономикага зыян келтирилиши жөнүндө корутунду жасоого мүмкүндүк берди", – деп ЕЭКтин соода блогунда белгилешти.

Маалымат

КЭРден алып келинген жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүнө карата бажы наркынын 14,79%дан 35,35%га чейинки өлчөмдөгү демпингге каршы алым ЕЭК Коллегиясынын 2015-жылдын 17-ноябрындагы № 154 чечимине ылайык 5 жылдык мөөнөткө белгиленген. ЕЭК Коллегиясынын 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 143 чечими менен демпингге каршы чаранын аракети демпингге каршы кайта иликтөөнү жүргүзүү мезгилине узартылган.