News

05.07.2021 (Обновлено: 14.10.2021 15:51)

ЕАЭБдин өнүгүү стратегиясын жана "Бир алкак, бир жол" кытай демилгесин байланыштыруунун перспективалары жөнүндө баяндама жарык көрдү

Макроэкономикалык саясат департаменти "Евразия экономикалык бирлигинин өнүгүү стратегиясын жана "Бир алкак, бир жол" (БАБЖ) кытай демилгесин байланыштыруу" деп аталган талдамалык баяндаманы көрсөттү. Ал ЕАЭБ-БАБЖ байланышуусунун өбөлгөлөрүн, мүмкүнчүлүктөрүн, перспективаларын жана тобокелдиктерин комплекстүү талдоону, ошондой эле аны ишке ашыруу чаралары боюнча сунуштарды камтыйт. Байланыштыруунун "жол картасын" иштеп чыгуу жана кабыл алуу боюнча милдеттер евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарында каралган.

Баяндамада белгиленгендей, ЕАЭБ үчүн БАБЖ менен байланышуу процессине өзүнүн жеке стратегиялык көз карашын иштеп чыгуу маанилүү. Бул ЕАЭБ мамлекеттеринин БАБЖ долбоорлоруна кошулуудан потенциалдуу пайдаларын жана жоготууларын баалоо жана байланышуунун конкреттүү чөйрөлөрүн, багыттарын жана механизмдерин тандоо жагынан алганда маанилүү.

"Бир алкак, бир жол" демилгеси, өзүнүн комплекстүү мүнөзүнө карабастан, көбүнчө транспорт-логистика инфраструктурасын өнүктүрүүгө байланыштуу. Баяндамада буга өзүнчө бөлүм арналып, анда транспорт-логистика инфраструктурасынын учурдагы абалына жана ЕАЭБ-БАБЖ байланышуусунун алкагында сооданы жана транзитти өнүктүрүү үчүн жаңы инфраструктураны куруу зарылчылыгына баалоо жүргүзүлөт. ЕЭКтин изилдөөсүндө ЕАЭБ жана КЭР региондорунун транспорттук байланыштуулугунан сырткары, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экспортун көбөйтүү жана биргелешкен өндүрүш чынжырларын түзүү, валюталык-каржылык жана инвестициялык кызматташтык, ошондой эле санариптик чөйрөдөгү өз ара аракеттенүү маселелери каралат.

Баяндамада байланышуу потенциалын баалоонун практикалык натыйжаларынын катарында ЕАЭБдин КЭРге экспортун өнүктүрүү жагынан алганда перспективдүү болуп саналган товарлардын үч категориясы бөлүп көрсөтүлгөн.

1. ЕАЭБ өлкөлөрү үчүнчү өлкөлөргө активдүү экспорттоп, бирок Кытайга жеткирбеген, ал эми Кытай ЕАЭБ мамлекеттеринен эмес, башкалардан активдүү сатып алган продукция үчүн сооданы баштоо потенциалы бар. Мисалы, алардын арасында автомобиль өнөр жайынын продукциясы (жеңил автомобилдердин айрым түрлөрү, велосипеддер жана алардын бөлүктөрү), фармацевтикалык жана медициналык продукция (айрым дары-дармек каражаттары, линзалар, ортопедиялык шаймандар); идиш жуугуч машиналар; айрым текстиль буюмдары (килемдер, полиуриетан сиңдирилген материалдар), темирден жасалган буюмдар, химиялык продукция, эттин айрым түрлөрү, ошондой эле табигый жана синтетикалык булалардан кездемелер жана жиптер.

2. Сооданы активдештирүү перспективаларын ЕАЭБден КЭРге жеткирилген, бирок үчүнчү өлкөлөр менен сооданын көлөмдөрүнө салыштырмалуу абдан аз болуп саналган товарлар үчүн табууга болот. Бул категорияга сүр быштактар, иммунологиялык өнүмдөр, айыл чарба машиналары, сүт жана каймак жана башка товарлар кирет.

3. Ошондой эле АКШ жана КЭРдин ортосундагы соода согушунун натыйжасында соода кызматташтыгы үчүн мүмкүнчүлүктөр пайда болууда. АКШнын продукциясына карата кошумча бажы алымдарынын киргизилиши аларга карата мындай чаралар аракеттенбеген ЕАЭБдин товарларынын убактылуу жогорку атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн шарттайт. Мисалы, айыл чарба машиналары үчүн бөлүктөр, ациклдүү эфирлер, себилбөөчү сулу, карбамид чайырлар жана башкалар.

Эгер тийиштүү чечимдер 2019-жылдын сентябрына чейин кабыл алынып, бардык ачылган мүмкүнчүлүктөр толугу менен ишке ашырылган учурда ЕАЭБден экспорттун көбөйүү перспективасы 1,2 млрд долларга жетиши мүмкүн эле. Учурда экспорттук мүмкүнчүлүктөр толугу менен ишке ашырылган эмес. Атап айтканда, ЕАЭБ мамлекеттери соя буурчактары, пахтадан жасалган кездемелер, тиркотаж болотнайлар жана кийим, беттөө үчүн плиткалар, айыл чарба иштери үчүн тракторлор, сааттар үчүн циферблаттар сыяктуу товарларды жеткирүү жагында мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашырууга жетишпей калды.

Ошондой эле, ЕАЭБ-БАБЖ байланышуусунун алкагында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана КЭРдин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн чектеген, үчүнчү өлкөлөрдүн валюталарын колдонуу маселесин чечүү зарыл. Өз ара эсеп-кысаптарда жана инвестицияларда улуттук валюталарды колдонууга акырындык менен өтүү көз карандысыз, стабилдүү жана коопсуз регоиналдык валюта-каржылык жана төлөм тутумун түзүүгө өбөлгө түзөт. Каржылык кооперациянын өзүнчө аспекти биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну каржылык жактан камсыз кылуу үчүн биргелешкен институттарды түзүү болуп саналат.

Аягында КЭРдин жана ЕАЭБдин ортосундагы соода-экономикалык мамилелердеги аныкталган көйгөйлөрдү жана татаалдыктарды жеңүү боюнча сунуштамалар, ошондой эле ЕАЭБ-БАБЖ байланышуусунун жол картасы, анын ичинде кызматташтыктын багыттары жана чөйрөлөрү боюнча конкреттүү чаралар жана иш-аракеттер келтирилген.

Баяндама менен бул шилтеме боюнча тааныша аласыздар.