News

08.07.2021 (Обновлено: 14.10.2021 14:49)

ЕАЭБ өлкөлөрү Бертельсманндын Трансфомация индексинде өздөрүнүн позицияларын жакшыртышты

2021-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыктары боюнча Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн кредиттик рейтингдери, ошондой эле Бертельсманндын Трансфомация индексиндеги позициялары жаңыланды. Толугураак – Евразия экономикалык комиссиясынын макроэкономикалык саясат департаментинин материалында.

Бертельсманндын Трансфомация индекси

Бертельсманндын Трансфомация индекси өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн жана экономикасы өткөөл өлкөлөрдүн демократиялык инситуттарды жана рынок экономикасын түзүү боюнча натыйжалуулугун баалайт. Рейтинг эки жылда бир жарык көрөт. 2020-жылдын рейтингинде дүйнөнүн 137 мамлекети көрсөтүлгөн, бардык өлкөлөр жети регионго бөлүштүрүлгөн.

ЕАЭБ мамлекеттеринин ичинен экономикалык трансформация индекси боюнча эң жогорку позицияны Армения Республикасы ээлейт (43-орун), анданы кийин – Россия Федерациясы (50-орун), Казакстан Республикасы (54-орун), Кыргыз Республикасы (66-орун) жана Беларусь Республикасы (74-орун).

2018-жылдын рейтингине салыштырмалуу ЕАЭБдин үч мамлекети экономикалык трансформация индекси боюнча позицияларын жакшыртышты (Армения, Беларусь, Казакстан), эң олуттуу жакшырууну Казакстан Республикасы көрсөттү (+10 позиция).

Суверендик кредиттик рейтингдер

2021-жылдын экинчи кварталында Fitch рейтинг агенттиги Беларусь Республикасынын суверендик кредиттик рейтингин жарыялады. Агенттик өлкөнүн чет элдик валютадагы кредиттик рейтингин "В" деңгээлинде тастыктады, болжол – терс. 

Өлкөнүн рейтинги, бир жагынан, калктын жан башына эсептегендеги жогорку киреше, жүргүзүлүп жаткан экономикалык саясаттын сапатынын жакшырышы, ошондой эле карызды төлөөнүн жакшы тарыхы сыяктуу оң факторлорду, экинчи жактан, начар валюталык резервдер, экономикалык өсүштүн басаңдаган перспективалары ж.б. сыяктуу терс факторлорду эске алат.

Moody’s агенттиги да Беларусь Республикасынын (В3, болжол – стабилдүү), Кыргыз Республикасынын (В2, болжол – терс) жана Россия Федерациясынын (Baa3, болжол – стабилдүү) кредиттик рейтингдерин тастыктады.