Նորություններ

29.06.2021 (Обновлено: 14.10.2021 12:58)

Май жана тоң продукциясына карата мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программа актуалдаштырылды

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы май жана тоң продукциясына техникалык регламентке карата мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программанын жаңы редакциясын бекитти. Мамлекеттер аралык он жаңы стандартты иштеп чыгуу каралган: алардын экөөсүн Казакстан, сегизин – Россия даярдайт.

Беш мамлекеттер аралык стандартты иштеп чыгуу тамак-аш продукциясын идентификациялоо үчүн керек. Атап айтканда, бул кокос майы, пальма майы, пальма маңызынын майы, тазартылбаган зыгыр майы жана тамак-ашка колдонулуучу сафлор майы үчүн "Жалпы техникалык шарттар" (ЖТШ) жана "Техникалык шарттар" (ТШ) түрүндөгү стандарттарга тиешелүү.

Жөнгө салуу объектилеринин май жана тоң май продукциясына карата техникалык регламенттин талаптарына шайкештигин баалоодо сыноолорду жүргүзүү үчүн беш мамлекеттер аралык стандартты иштеп чыгуу пландаштырылган. Өсүмдүк майларында жана жаныбарлардын майында токоферолдордун, токотриенолдордун, стиролдордун жана башка микроэлементтердин камтылышын, ошондой эле какао майында жана шоколадда модификацияланган өсүмдүк майларын пайдалануу менен өндүрүлгөн какао майынын эквиваленттеринин болушун аныктоо ыкмаларына карата бирдиктүү стандарттарды иштеп чыгуу каралган.

Мындан сырткары, программада 26 мамлекеттер аралык стандартты кайра кароо же аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.

Программа Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн сунуштарына ылайык, анын учурдагы редакциясынын ишке ашырылышын эске алуу менен даярдалды.