Նորություններ

15.07.2021 (Обновлено: 14.10.2021 14:05)

ЕАЭБ "Санариптик техникалык жөнгө салуу" долбоорун баштоодо

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши "Евразия экономикалык бирлигинин санариптик техникалык жөнгө салуусу" долбоорун ишке ашырууну баштоо жөнүндө чечим кабыл алды. Анын негизги максаты – продукцияга коюлуучу милдеттүү талаптарды түзүү, техникалык регламенттерди жана техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык жана регионалдык стандарттарды иштеп чыгуу процесстерин санариптештирүү. Бул – жыйынтыгында он миңден ашуун документтер санариптештирилүүчү масштабдуу долбоор.

"ЕАЭБдин санариптик техникалык жөнгө салуусу" долбоору техникалык жөнгө салуу тутумунун санариптик трансформациясын, анын ичинде рыноктун бардык участокторунун реинжинирингин жана санариптешүүсүн камсыз кылат", – деп ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, МКТ боюнча министри Гегам Варданян баса белгиледи.

Атап айтканда, кеп даярдоочулар, экспорттоочулар, импорттоочулар, жеткирүүчүлөр, шайкештикти баалоону ишке ашырган органдар, Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдары, стандартташтыруу, аккредиттөө боюнча улуттук органдар жана башка уюмдар жөнүндө болууда.

"Санариптик долбоордун милдеттери абдан амбициялуу – биз ал техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү өнүгүүнүн жана интеграциянын жаңы драйвери болуп, тутумду принципиалдуу жаңы деңгээлге көтөрөт деп күтүүдөбүз. Аны ишке ашыруу актуалдуу милдеттүү талаптарга жооп берген жаңы продукцияны жаратууну жана рынокко чыгарууну тездетүүгө, шайкештикти баалоо жол-жоболорун өткөрүүгө чыгымдарды жана Бирликтин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу убакытын кыскартууга мүмкүндүк берет", – деди ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко.

Долбоор үч баскычта ишке ашырылмакчы: 2021-жылы иш башталат, 2022–2023-жылдарда – сервистер тутуму иштелип чыгат, 2023–2024-жылдарда улуттан жогорку компонентти жана сервистерди толтуруу, пайдаланууга киргизүү пландаштырылууда. Долбоор Комиссиянын каражаттарынын эсебинен каржыланат.

Долбоор Жогорку Евразия экономикалык кеңеши тарабынан бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин санариптик күн тартибин ишке ашыруунун 2025-жылга чейинки негизги багыттарына жана Бирликтин санариптик күн тартибинин алкагында долбоорлорду ишке ашыруу механизмдерине ылайык иштелип чыккан.

Маалымат

2021-жылдын январь айында "ЕАЭБдин санариптик техникалык жөнгө салуусу" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынган. Долбоор ЕЭКтин демилгелерди башкаруу кеңсеси тарабынан маалыматташтыруу жана техникалык жөнгө салуу блоктору менен биргеликте, ошондой эле ЕАЭБ мамлекеттеринин кызыкдар болгон органдарынын жана уюмдарынын активдүү катышуусунда иштелип чыккан. Долбоордун демилгечиси "Эл аралык соода жана интеграция" изилдөө борбору болуп саналат.