Նորություններ

08.07.2021

ЕЭК жана ЮНКТАД атаандаштыкты коргоо чөйрөсүндөгү регионалдык кызматташтыктын аспектилерин талкуулашты

Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Арман Шаккалиев жана атаандаштык чөйрөсүндө улуттан жогорку ыйгарым укуктары бар регионалдык уюмдардын жетекчилери Женевада атаандаштыкты коргоо чөйрөсүндөгү кызматташтыкты талкуулашты.

ЮНКТАДдын башкы катчысынын милдеттерин аткаруучу Изабель Дюран жана ЮНКТАДдын атаандаштык саясаты жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Тереза Морейра менен жолугушуулардын жүрүшүндө ЕЭКтин жана ЮНКТАДдын кызматташтыгын тереңдетүү маселелерине басым жасалды. Катышуучулар атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча улуттан жогорку ыйгарым укуктары бар регионалдык уюмдардын жолугушууларын үзгүлтүксүз негизде өткөрүү жөнүндө келишишти.

Буга чейин ЕЭКтин демилгеси боюнча ЮНКТАДдын колдоосу менен дүйнөнүн бардык континенттеринин атаандаштык чөйрөсүндө улуттан жогорку ыйгарым укуктары бар регионалдык уюмдарынын алгачкы жолугушуусу болуп өткөн.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар үчүнчү өлкөлөрдүн субъектилеринин катышуусу менен атаандаштыкты бузууларга иликтөөлөрдү жүргүзүүдө көмөк көрсөтүү, ошондой эле ЮНКТАДдын чек ара аралык картелдер боюнча жумушчу тобунун ишинде ЕЭКтин өкүлдөрүнүн катышуусу жөнүндө келишишти.

Арман Шаккалиев ЮНКТАДдын аянтчасында КОМЕСАнын (Чыгыш жана Түштүк Африканын Жалпы рыногу) аткаруучу директору Виллард Мвемба менен жолугушууда регионалдык уюмдардын атаандаштык маселелери боюнча үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүүсүн жолго коюунун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Мындай жолугушуулар туруктуу мүнөздө болушу зарыл. Бул улуттан жогорку жөнгө салуунун жана ак ниет атаандаштык эрежелеринин сакталышына регионалдык уюмдар тарабынан ишке ашырылып жаткан контролдун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет", – деп ЕЭК министри баса белгиледи.

Виллард Мвемба, өз кезегинде, бул чөйрөдөгү кооперацияны өнүктүрүү зарыл экендигине макул болду жана кызматташтык жөнүндө меморандум түзүүнү сунуш кылды.