Նորություններ

22.07.2021 (Обновлено: 14.10.2021 13:34)

ЕЭК жөнгө салуучулар жана бизнес менен биргеликте мунай өнүмдөрү менен имитациялык биржалык тооруктарды өткөрдү

21-июлда Евразия экономикалык комиссиясы Санкт-Петербург Эл аралык Товардык-чийки зат Биржасы менен биргеликте Евразия экономикалык бирлигинин мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рынокторун түзүү боюнча иштин алкагында мунай өнүмдөрү менен алгачкы имитациялык биржалык тооруктарды өткөрдү. Бензин жана дизелдик күйүүчү май менен 60тан ашуун бүтүмдөр түзүлдү.

Иш-чарада евразия "бешилтигинин" өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын жана бизнес-коомдоштуктарынын өкүлдөрү, анын ичинде Россия Федерациясынын Энергетика министрлиги, Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги, Беларусь Республикасынын жана Казакстан Республикасынын биржа аянтчалары (Белорус универсалдуу товар биржасы, ЕТС биржасы жана "Каспий"), ошондой эле мунай компаниялары катышышты.

Бул – энергоресурстардын жалпы рынокторунун иштөөсүнүн технологиялык негизин түзүү үчүн 2018-жылдын декабрь айында Жогорку Евразия экономикалык кеңеши тарабынан бекитилген, Бирликте мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рынокторун түзүү боюнча программага жана иш-чаралардын планына ылайык ишке ашырылган пилоттук долбоор.

2024-жылдын 1-январына чейин ЕАЭБде мунай жана мунай өнүмдөрү менен биржалык тооруктарды өткөрүү эрежелери кабыл алынууга тийиш. Алар биржалык тооруктардын катышуучуларынын, тооруктардын операторлорунун жана мунай өнүмдөрүн ташуу тутумдарынын операторлорунун өз ара аракеттенүү тартибин аныктаган эл аралык келишимге киргизилет. Жалпы рынокто соода биржалык жана биржадан сырткары келишимдерди түзүү аркылуу ишке ашырылат.

"Бизде акыркы жылдарда 2-2,5 млн тонна деңгээлинде катталган жалпы товар жүгүртүүнүн көлөмүн эске алуу менен, мунай өнүмдөрү менен сооданын потенциалдуу көлөмү болжол менен 0,2-0,5 млн тоннаны түзмөкчү, – деп Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика департаментинин директору Вадим Закревский баса белгиледи. – Бул негизги механизмдерди иштеп чыгуу үчүн жетиштүү. Биздин биргелешкен иш-аракеттер менен, Бирликтин мамлекеттеринин бийлик органдарынын жана компанияларынын колдоосунда, түзүлүп жаткан рыноктордо атаандаш чөйрөнү жаратууга өбөлгө түзүүчү биржа институттарын уюштуруунун жана алардын ишинин техникалык базасы түзүлмөкчү".

Соода сессиясынын негизги натыйжасы – электрондук тооруктар тутумундагы биржалык механизмдерди иш жүзүндө ишке ашыруу, бүтүмдөрдү, клирингди ишке ашыруунун жана энергоресурстарга баалардын рыноктук деңгээлин аныктоонун өзгөчөлүктөрүн иштеп чыгуу.

Жалпы рынокторду түзүү биржалык сооданы атаандаш чөйрөнү камсыз кылуунун, ошондой эле рыноктук баа түзүү механизмдерин колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнүн эң негизги механизмдеринин бири катары караштырат.

Имитациялык тооруктартардын катышуучулары мунай жана мунай өнүмдөрү менен биржалык соода жүргүзүү механизмдерин даярдап, аларды 2024-жылдын 1-январына чейин аракетке киргизүү ниетин тастыкташты.