Նորություններ

25.06.2021 (Обновлено: 14.10.2021 13:11)

ЕАЭБде асыл тукум продукциянын импортунан көз карандылыкты азайтуу боюнча чаралар иштелип чыкмакчы

Евразия экономикалык комиссиясынын агроөнөр жай блогу тарабынан эл аралык өнөктөштөрдү жана ЕАЭБдин асыл тукум продукциясынын рыногунун катышуучуларын тартуу менен уюштурулган кеңешмеде интенсивдүү өнөр жай технологияларын жана жогорку генетикалык потенциалга ээ болгон асыл тукум продукцияны колдонуу менен атаандаштыкка жөндөмдүү мал чарбачылык продукциясынын өндүрүшүн өнүктүрүү талкууланды.

ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян асыл тукум мал чарбачылыкты өнүктүрүү маселесинин жогорку маанилүүлүгүн жана ЕАЭБдин аймагында жогорку сапаттуу асыл тукум продукцияны алуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн приоритеттүүлүгүн белгиледи.

"Биздин иштин максаты – асыл тукум мал чарбачылыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин чечүүгө багытталган тутумдук документти даярдоо жана "бешилтиктин" өлкөлөрүнө кароо үчүн сунуш кылуу, биргелешкен кооперациялык долбоорлорго чыгуу менен интеграцияны тереңдетүү, – деп Артак Камалян баса белгиледи. – Биз бул маселени чечүү үчүн мыкты дүйнөлүк иш-тажрыйбаны пайдалануу менен бул багытта биргелешкен иш-аракеттерди аткарышыбыз зарыл".

Кеңешменин жүрүшүндө эл аралык жана чет өлкөлүк эксперттер селекцияны жана асыл тукум мал чарбачылыкты өнүктүрүүдөгү тажрыйбасы жана жаңы тенденциялар менен бөлүшүштү.

"ФАО ЕЭК, ЕАЭБ мамлекеттери менен активдүү кызматташтып келет жана, албетте, асыл тукум мал чарбачылыкты өнүктүрүү маселелерин иштеп чыгууну колдойт. Биз мал чарбачылык тармагы адамдын активдүү жашоосун колдоону камсыз кылууга жөндөмдүү болгон толук кандуу тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча айыл чарбасындагы негизги тармак бойдон калууда жана мындай продукцияга суроо-талап ар дайым өсө берет деп ишенебиз", – деп БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Россия Федерациясы менен байланыштар боюнча бөлүмүнүн директору Олег Кобяков белгиледи.

ФАО эксперти Эран Райзман генофонддук породаларды сактоонун маанилүүлүгүнө, жасалма куудуруу тутумун өнүктүрүүнүн эсебинен мал чарба продукциясын өндүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу зарылчылыгына, тоюттандырууну жакшыртууга жана жаныбарлардын оорулары менен күрөшүүгө, ошондой эле ФАОнун аталган маселелерди чечүүгө багытталган программаларына басым жасады.

"Сион" компаниясынын өндүрүш жана илим боюнча директору Йоэль Зирон Израилдин сүт породасындагы ири мүйүздүү малдардын жогорку өндүрүмдүү топторун түзүү чөйрөсүндөгү уникалдуу тажрыйбасы жөнүндө айтып берди. "Израилде өлкө боюнча уйлардын орточо сүт берүү өндүрүмдүүлүгү, саанды (жылына 12262), сүт майын жана сүт белогун чыгарууну кошо алганда, дүйнөдө эң жогорку болуп саналат", – деди Йоэль Зирон. Ал маалыматтык технологиялардын, өндүрүмдүүлүктү эсепке алуу жана асыл тукумдук баалуулукту баалоо тутумунун, селекциялык программалардын жана тоюттандыруу программаларынын Израиль Мамлекетинин асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү жогорку натыйжаларга жетүү менен ажырагыс байланышынын ролун баса белгиледи.

Эксперттердин пикири боюнча, Израилдин ийгиликтүү тажрыйбасы Бирликтин мамлекеттеринин мал чарбачылыгында колдонуу үчүн мыкты үлгү болушу мүмкүн. ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Израилдин кызматташтыгынын андан аркы өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүнү пландаштырууда.

Аргентина Республикасынын айыл чарба, мал чарба жана балык чарба министрлигинин, Инновация жана биотехнология боюнча улуттук координациясынын, Биоэкономика боюнча улуттук башкармалыгынын өкүлдөрү кеңешменин катышуучуларын Аргентинада айыл чарба жаныбарларынын геномун редакциялоодогу жетишкендиктер жана аталган чөйрөдөгү ишмердикти жөнгө салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш жөнүндө маалымдады. Аталган өлкөнүн "эстүү" тоюттандыруу тутумдарын колдонуу менен эт породасындагы ири мүйүздүү малды генетикалык баалоо маселесиндеги тажрыйбасы чоң кызыгуу жаратат. Бул тууралуу Аргентинанын Улуттук айыл чарба технологиялар институтунун өкүлү айтып берди.

Өз кезегинде, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын жана эксперттик коомдоштугунун өкүлдөрү Бирликте асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн ченемдик укуктук жөнгө салуу чөйрөсүндө бир катар чараларды кабыл алууну сунуш кылышты. Ошондой эле, кеңешмеде электрондук сооданы пайдалануу маселелери, мүчө мамлекеттердин субъектилеринин асыл тукум мал чарбачылык, инновациялык технологияларды, анын ичинде геномдук селекцияны киргизүүдөгү кооперациялашуу механизмдери талкууланды.

Комиссия мүчө мамлекеттер менен биргеликте эң мыкты линиялык калыс болжолдоо ыкмасын (BLUP) колдонуу менен айыл чарба жаныбарларынын асыл тукумдук баалуулугун баалоонун бирдиктүү усулдарына өтүү боюнча иш алып барууда. Бул асыл тукумдук иштердин натыйжалуулугун жогорулатып, мал чарбачылыгынын өнүгүүсүн тездетүүгө мүмкүндүк берет.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары, илимдин жана бизнестин өкүлдөрү менен сунушталган чараларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантуу жөнүндө келишкендикке жетишилди.

Маалымат

Иш-чарада Беларусь Республикасынын айыл чарба жана азык-түлүк министринин орун басары Алексей Богданов, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО), Израиль Мамлекетинин, Аргентина Республикасынын эксперттери, ошондой эле Бирликтин мамлекеттеринин агроөнөр жай комплекси жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын, тармактык бизнес-ассоциацияларынын, бирликтеринин, ири өндүрүүчү ишканалардын жана айыл чарба продукциясын керектөөчүлөрдүн, алдыңкы илимий уюмдарынын өкүлдөрү катышышты. Баары болуп – 60тан ашуун катышуучулар. Кеңешме евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.