Жаңалықтар

16.07.2021 (Обновлено: 14.10.2021 13:43)

ЕЭК жана Чили айыл чарбадагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү үчүн жумушчу аянтчаны түзүшмөкчү

Мындай келишкендикке Евразия экономикалык комиссиясынын агроөнөр жай саясаты департаментинин директору Армен Арутюняндын Чили Республикасынын Айыл чарба министрлигинин жана аталган өлкөнүн Россия Федерациясындагы элчилигинин өкүлдөрү менен онлайн-жолугушуусунун жүрүшүндө жетишилди. Жолугушуу ЕЭКтин жана Чили Республикасынын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.

Тараптар Комиссияда агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү кызматташтыктын потенциалын изилдөөгө жана ЕАЭБ мамлекеттеринин жана Чилинин ортосунда айыл чарба продукциясы жана азык-түлүк менен өз ара сооданын көлөмдөрүн өстүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга жардам берген жумушчу аянтчаны түзүүнү чечишти. Мындай өз ара аракеттенүү айыл чарба тармагын санариптештирүүнүн негизинде мөмө-жемиш өстүрүүчүлүктү жана шарап жасоочулукту күчөтүү боюнча тажрыйба алмашуу боюнча ишти жолго коюуга өбөлгө түзөт.

"Чилинин айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүдөгү ийгиликтерин, АӨК продукциясынын экспортун өнүктүрүү боюнча соода өкүлчүлүктөрүн жана дипломатиялык миссияларды колдонуу тажрыйбасын таануу менен, Комиссия ЕАЭБ өлкөлөрүнүн продукциясын дүйнөнүн алдыңкы агро-азык-түлүк рынокторунда илгерилетүү боюнча аспаптарды түзүү үчүн институционалдык жана операциялык механизмдерди изилдөөгө кызыкдар", – деди Армен Арутюнян.

Чили Республикасынын өкүлдөрү айыл чарба продукциясын жана азык-түлүктү үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна илгерилетүү боюнча тажрыйба, чаралар жана механизмдер жөнүндө маалымдашты. Чилилик кесиптештердин алардын мамлекетинде мөмө-жемиш өстүрүүчүлүктү жана шарап жасоочулукту өнүктүрүү жана натыйжада аталган тармактардын продукциясын өндүрүү жана экспорттоо көлөмдөрүн көбөйтүү тенденциясы байкалып жаткандыгы жөнүндө маалыматы өзгөчө кызыгууну жаратты.

Тараптар АӨКтө эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, айыл чарба продукциясын жана жогорку кошулган наркы менен азык-түлүктү өндүрүү жана экспорттоо көлөмдөрүн көбөйтүү максатында айыл чарба секторунда санариптештирүү, так жер иштетүү, бөлүштүрүлгөн реестрлер сыяктуу жаңы технологияларды киргизүү боюнча тажрыйба жана пландар менен өз ара бөлүшүштү.

Маалымат

Чилинин агро-азык-түлүк сектору – улуттук экономикадагы эң динамикалуу өнүгүп келе жаткан секторлордун бири. Анын ИДӨгө салымы 4,7% чамасындай бааланат. Чилинин агроөнөр жай комплекси продукциянын сапатына, көзөмөлдөнүүчүлүгүнө жана коопсуздугуна жетишүүгө чоң маани берүү менен, эл аралык рыноктордо жогору таанылды. 2020-жылда республиканын айыл чарба продукциясынын жана азык-түлүгүнүн экспортунун көлөмү 14 407 млн АКШ долларын түздү. Чили Түштүк жарым шарда мөмө-жемиштердин экспорту боюнча лидер болуп саналат (өстүрүлгөн мөмө-жемиштердин 60% чамасындай бөлүгү экспортко кетет). Өлкө жаңы үзүлгөн жүзүмдүн жана черниканын экспорту боюнча дүйнөдө биринчи орунду, авокадонун экспорту боюнча – экинчи жана жер-жемиштердин, кара өрүктүн жана кивинин экспорту боюнча үчүнчү орунду ээлейт. Улуттук деңгээлдеги өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн эң маанилүү түрлөрү – буудай, жүгөрү, сулу, картошка, рапс жана күрүч. Өлкөдө 9000 чамасындай шарап өндүрүүчүлөр жана дээрлик 150 шарап жасоочу жайлар бар.