Артак Камалян металлургия тармагы Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өнөр жай кызматташтыгынын негизги приоритеттеринин бири экендигин белгиледи.
"ЕАЭБ мамлекеттеринде ишке ашыруу күтүлүп жаткан масштабдуу инфраструктуралык долбоорлордун алдында тармактын ролу олуттуу түрдө күчөөдө. Бүгүнкү күндө инновациялык траектория боюнча алга жылуу, тармакты өнүктүрүү, өндүрүштү модернизациялоо жана ресурс жана энергия үнөмдөөчү жаңы технологияларга өтүүгө байланыштуу милдеттерди биргеликте чечүү, импортту алмаштыруу боюнча программаларды ишке ашырууга активдүү көмөк көрсөтүү мааниилүү. Евразия экономикалык бирлиги мындай милдеттерди биргеликте чечүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат", – деп ЕЭК министри баса белгиледи.
Артак Камалян аларга жаңы кесиптик ийгиликтерди жана Евразия экономикалык бирлигинде металлургияны биргеликте өнүктүрүү боюнча иште жетишкендиктерди каалады.