Жаңалықтар

13.07.2021 (Обновлено: 14.10.2021 14:31)

Николай Кушнарёв Eurasia Expo-2021 көргөзмөсүндө катышты

Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай саясаты департаментинин директору Николай Кушнарёв Тегеранда өткөрүлгөн Eurasia Expo-2021 алгачкы адистештирилген көргөзмөсүндө катышты.

Иш-чарада Ирандын, Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин жана Жакынкы Чыгыштын өндүрүүчүлөрү, ишкерлери, топ-менеджерлери, өкмөттүк түзүмдөрүнүн жана соода ассоциацияларынын өкүлдөрү катышышты.

ЕАЭБ өлкөлөрү мунай-химия, газ өнөр жайы, жеңил өнөр жай, энергетика, медициналык буюмдарды өндүрүү, айыл чарба, азык-түлүк сектору, логистика, курулуш сыяктуу чөйрөлөрдөгү жана башка тармактардагы компанияларынын потенциалын көрсөтүштү.

Николай Кушнарёв Бирликтин өлкөлөрүнүн компаниялары жайгашкан тармактар аралык павильондордун экспозициялары менен таанышты, ошондой эле Eurasia Expo ишкердик программасында – Евразия экономикалык форумунун жана Евразия адистештирилген панелинин отурумунда катышты.

"2020-жылы ЕАЭБден Иранга 1,6 млрд АКШ долларынан ашык суммага продукция экспорттолгон. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 2%га көп, – деди Николай Кушнарёв. – Биз инвестициялар чөйрөсүндөгү да, өнөр жай кооперациясындагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Ал эми Eurasia Expo сыяктуу аянтчалар ар түрдүү өлкөлөрдүн өнөр жайынын жана бизнесинин өкүлдөрү менен түздөн-түз байланышуу жана өз ара аракеттенүүнүн жаңы форматтарын талкуулоо үчүн мыкты мүмкүнчүлүк берет".

Маалымат

Eurasia Expo – эл аралык тармактар аралык В2В-көргөзмө. Ал Ирандын Евразия экономикалык бирлиги менен товар жүгүртүүсүн жана Ирандын жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнесинин өкүлдөрүнүн ишкердик байланыштарын өнүктүрүүгө багытталган. Сооданы өнүктүрүү уюмунун аккредиттөөсү менен жана Иран Ислам Республикасынын профилдик министрликтеринин колдоосунда өткөрүлөт.