Комиссиянын түзүмү

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) – Евразия экономикалык бирлигинин туруктуу иштеп турган жөнгө салуучу органы. 2012-жылдын 2-февралынан тартып иштей баштаган.

Евразия экономикалык комиссиясынын негизги милдети – ЕАЭБнын иштөө шарттарын жана өнүгүүсүн камсыз кылуу, интеграциянын андан ары өнүгүүсү үчүн сунуштарды иштеп чыгуу.

Учурда ЕЭК курамында беш өлкө бар: Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казахстан Республикасы, Кыргыз Республикасы Россия Федерациясы ЕЭК улуттар үстүнөн башкаруу органынын статусуна ээ жана өз ишкердигинде өз чечимдерин кайсы бир өкмөттөрдүн улуттук кызыкчылыгына эмес, бүтүндөй Евразия экономикалык интеграциясынын долбооруна катышуучу өлкөлөрдүн кызыкчылыгына таянат. Комиссиянын чечимдери ЕАЭБга катышуучу өлкөлөрдүн аймагында аткарылууга милдеттүү.

ЕЭК түзүү жөнүндө чечимдин негизин беш өлкө биргеликте глобалдуу туруксуздуктун терс кесепеттерин төмөндөтүп гана тим болбостон, өзүн тышкы рыноктордо жигердүү көрсөтө алары түзөт. Евразия экономикалык бирлигинин эшиги бул биримдиктин максаттарын тең бөлүшкөн жана талап кылынуучу милдеттерди кабыл алууга даяр турушкан башка мамлекеттердин катышуулары үчүн ачык.

Комиссиянын маанилүү өзгөчөлүгү, бардык кабыл алынып жаткан чечимдер коллегиалдык негизге таянгандыгында. Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 10 мүчөдөн турат (ар бир катышуучу өлкөдөн Коллегиянын 2 мүчөсү (Министр), алардын бири Коллегиянын Төрагасы болуп саналат.

Коллегиянын Төрагасы жана Коллегиянын мүчөлөрү мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен ыйгарым укуктарын узартуу мүмкүнчүлүгү менен 4 жылга дайындалышат. Коллегия чечимдерди добуш берүү жолу менен кабыл алышат.

ЕЭКтин иши функционалдык багыттар боюнча түзүмдөргө бөлүнгөн, аларды Коллегиянын мүчөлөрү (Министрлер) жетектешет. Ар бир багыты экономикалык ишкердиктин тармактарынан жана чөйрөлөрүнөн турат. Коллегия мүчөлөрү жана ЕЭК департаменттери өз иш багыттарынын алкагында ыйгарым укуктуу улуттук бийлик органдары менен өз ара иш алып барышат.

Учурда ЕЭК түзүмүндө 25 департамент иштейт. Алардын астында ЕЭК Коллегиясы үчүн сунуштарды иштеп чыгуу жана улуттук мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү менен консультацияларды өткөрүү максатында 20 Консультативдик комитет түзүлгөн. Коллегиянын Мүчөлөрү (Министрлер) өз иш багыттарына ылайык комитеттердин Төрагалары болуп саналышат.

Комиссия өз ишинде негизги өнөктөштөр менен ар тараптуу диалогдорду колдоп турат. Диалогдун биринчи деңгээли – мамлекет аралык, мында чечимдерди иштеп чыгуу жана кабыл алуу учурунда улуттук бийлик органдары менен натыйжалуу өз ара иш алып баруу каралган. ДДиалогдун экинчи деңгээли – бизнес коомчулук менен түздөн-түз иштөө формасы.

ЕЭКтин негизги кесипкөй иш принциптери болуп неполитизация, кызыкчылыктар балансы, натыйжалуулук жана ачык-айкындуулук саналат.

ЕЭК евразия коомчулугунун ишин көрсөтүү жана интеграциялык процесстерге Европа жана Азия-Тынч Океан аймактарынан негизги өнөктөрдү тартуу максатында эл аралык аренада жигердүү позицияга ээ.

Евразия экономикалык комиссиянын негизги иш багыттары:экономикалык комиссиясынын негизги иш багыттары:

  • кириш бажы алымдарын чегерүү жана бөлүштүрүү;
  • үчүнчү өлкөлөргө карата соода режимерин орнотуу;
  • тышкы жана өз ара соодалашуу статистикасы;
  • макроэкономикалык саясат;
  • атаандаштык саясаты;
  • өнөр жай жана айыл чарба субсидиялары;
  • энергетика сасаяты;
  • табигый монополиялар;
  • мамлекеттик жана (же) муниципалдык сатып алуулар;
  • кызматтарды өз ара соодалашуу жана инвестициялар;
  • транспорт жана ташуулар;
  • валюта саясаты;
  • интеллектуалдык иш натыйжаларын жана товарларды, иштерди жана кызматтарды индивидуалдаштыруу каражаттарын коргоо жана сактоо;
  • эмгек миграциясы;
  • финансы рыноктору (банк чөйрөсү, камсыздандыруу чөйрөсү, валюта рыногу, баалуу кагаздар рыногу);
  • бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу;
  • бажы администрлөөсү;
  • маалыматташтыруу;
  • маалыматтык-коммуникациялык технологиялар;
  • жана башкалар.