Адылбек Касымалиев

Адылбек Касымалиев

Касымалиев Адылбек Алешович 1960-жылы 1-декабрда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Долон айылында туулган. 

Жогорку билимдүү.

1984-жылы Ленинград каржы-экономика институтунун "Экономист" адистигин аяктаган.

Эмгек ишмердиги:

1984–1988-ж. — Кыргыз ССР Мамлекеттик пландоо комитетинин экономика жана пландаштыруунун экономикалык-математикалык ыкмалары боюнча илимий-изилдөө институтунун кенже илимий кызматкери.

1988–1990-ж. - Жол куруу батальонунун каржы кызматынын башчысы.

1990–1993-ж. – Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча мамлекеттик салык инспекциясынын башчысынын орун басары.

1993–1994-ж. – Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча мамлекеттик салык инспекциясынын башчысынын биринчи орун басары.

1994–1995-ж. – Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы бөлүмүнүн башчысы.

1995–1996-ж. – 2-бөлүмдүн башчысы, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын тышкы көзөмөл башкармалыгынын башчысынын орун басары.

1996–1997-ж. – Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине караштуу cалык саясаты жана кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын башчысынын орун басары.

1997–1998-ж. – Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин салык саясаты жана мыйзам чыгаруу нормативдери бөлүмүнүн башчысы.

1998–2000-ж. – Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин салык саясаты жана кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын башчысы.

2000–2001-ж. – Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин салык жана бажы саясаты башкармалыгынын башчысы.

2001–2002-ж. – Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин фискалдык саясат башкармалыгынын башчысы.

2002–2002-ж. – Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары.

2003–2005-ж. – Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине караштуу Кирешелер комитетинин төрагасынын биринчи орун басары.

2005–2007-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын төрагасынын биринчи орун басары.

2007–2009-ж. – Кыргыз Республикасынын Cалыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары.

2009–2010-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары.

2010–2011-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы.

2011–2012-ж. – Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинде министрдин орун басары.

2012–2015-ж. – Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде министрдин орун басары.

2015 – 2018-ж. – Кыргызской Республикасынын каржы министри.

2019–2020-ж. – «Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» деп аталган коомдук фонддун директору.

2020–2021-ж. – “Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” деп аталган коомдук фонддун төрагасы.

2021–2021-ж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары.

2021–2022-ж. – Венгер-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү.

2022–2022-ж. – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу.

2022-жылдын 20-июнунан тартып – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары.