Петкевич Наталья Владимировна

Петкевич Наталья Владимировна

1972-жылы Минск шаарында туулган.

1994-жылы Беларусь мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

1994-1995-жылдары – Беларусь Республикасынын Президентинин Администрациясынын мамлекеттик-укуктук башкаруунун мамлекеттик укук бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.

1995-1998-жылдары – Беларусь Республикасынын Президентинин Администрациясынын башкы адиси, кеңешчи-консультант, мамлекеттик-укуктук башкаруунун мамлекеттик жана эл аралык укук бөлүмүнүн башчысы.

1998-1999-жылдары – Беларусь Республикасынын Президентинин Администрациясынын башкы мамлекеттик-укуктук башкармалыгынын мамлекеттик жана эл аралык укук башкармалыгынын башчысы.

1999-2001-жылдары – Беларусь Республикасынын Президентинин Администрациясынын башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары – башкы мамлекеттик-укук башкармалыгынын мамлекеттик жана эл аралык укук башкармалыгынын башчысы.

2001-2004-жылдары – Беларусь Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы.

2004-2009-жылдары – Беларусь Республикасынын Президентинин Администрациясынын башчысынын орун басары.

2009-2010-жылдары – Беларусь Республикасынын Президентинин Администрациясынын башчысынын биринчи орун басары.

2011-2014-жылдары – Беларусь Республикасынын Президентинин жардамчысы.

2024-2025-жылдары – Беларусь Республикасынын Президентинин Администрациясынын башчысынын биринчи орун басары.

2025-жыл – Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары.