Бакенов Ернар
Ернар Бакенов 1974-жылы Караганда шаарында (Казакстан) төрөлгөн. Караганда мамлекеттик университетин (билими боюнча адистиги — экономист) аяктаган.
Эмгек ишмердигин 1996-жылы Караганда шаарындагы Ленин районунун Элдик банкынын филиалында баштаган.
1997-2007-жылдары Казакстан Республикасынын бажы органдарында, Костанай жана Караганда шаарларында иштеген, Казакстан Республикасынын Бажы комитетинин бажылык жол-жоболоштуруу бөлүмүнүн башчысы кызматын ээлеген.
2008-жылдан 2012-жылга чейин — "Соода саясатын өнүктүрүү борбору" АКнын башкы эксперти, департамент директорунун орун басары, департамент директору.
2012-жылдын июнунан 2017-жылдын апрелине чейин Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министрлигинин Эл аралык экономикалык интеграция департаментинин директору кызматын ээлеген.
2017-жылдын апрелинен сентябрына чейин — Казакстан Республикасынын улуттук экономика боюнча Вице-министри.
2018-жылдын июнунан 2023-жылдын январына чейин — Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсүнүн жардамчысы.
2023-жылдын февралынан 2024-жылдын апрелине чейин – Евразия экономикалык комиссиясынын Ишкердик ишмердикти өнүктүрүү департаментинин директору.
2024-жылдын 1-июлунан тартып кайрадан ЕЭКтин Ишкердик ишмердикти өнүктүрүү департаментинин директору кызматына дайындалды.