Кудрявцев Александр Вячеславович
Александр Вячеславович Кудрявцев 1984-жылы 13-сентябрда Минск шаарында туулган.
2007-жылы Минск башкаруу институтун, 2018-жылы – Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын аяктаган.
2009-жылдын октябрынан 2010-жылдын ноябрына чейин Минсктин Завод районунун Администрациясынын экономиканы өнүктүрүү жана талдоо бөлүмүнүн башкы адиси болуп иштеген.
2010-жылдын ноябрынан 2012-жылдын октябрына чейин – Беларусь Республикасынын Соода министрлигинин бөлүмүнүн башкы экономисти.
2012-жылдын октябрынан 2015-жылдын декабрына чейин – Беларусь Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын Капиталдык курулуш башкы башкармалыгынын комплектация жана материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы.
2015-жылдын декабрынан 2025-жылдын апрелине чейин – Беларусь Республикасынын Министрлер Кеңешинин Аппаратынын уюштуруучулук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы.
2025-жылдын 22-апрелинен тарта ЕЭКтин Иш башкаруу департаментинин директору болуп дайындалды.