Прудникова Ольга Филипповна
Ольга Филипповна Прудникова Могилев шаарында (Беларусь Республикасы) туулган.
1989-жылы Беларусь-Россия университетин (инженер-физик), 1999-жылы — Беларус юридикалык институтун "Укук таануу" (юрист) адистиги боюнча артыкчылык менен, 2010-жылы — Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу Академиясын "Экономика жана өнөр жай ишканасындагы башкаруу" адистиги боюнча жана 2024-жылы Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын "Мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу" адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолун 1989-жылы "Могилевэнерго" РУИде баштаган жана ал жерде 2010-жылга чейин жетекчилик кызматтарда иштеген.
2010-жылдан 2013-жылга чейин "ОДУ" РУИде иштеген.
2013-жылдан 2017-жылга чейин "Белэнерго" электр энергетика боюнча мамлекеттик өндүрүштүк бирикмесинин өндүрүштүк-техникалык башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.
2017-жылдын январынан 2025-жылдын май айына чейин — Беларусь Республикасынын энергетика министринин орун басары.
2025-жылдын 2-июнунан тартып Евразия экономикалык комиссиясынын Энергетика департаментинин директору болуп дайындалды.