Перейти на старую версию сайта

Асанбеков Темирбек Ишенбаевич

Асанбеков Темирбек Ишенбаевич

Биография

1966-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областынын Ананьево айылында төрөлгөн.

1993-жылы К.А. Тимирязев атындагы Москва айыл чарба академиясын "илимпоз-агроном" адистиги боюнча бүтүргөн.

1984-1986-жылдар аралыгында Советтик Армиянын катарында совет аскерлеринин Ооганстандагы чектелген контингентинин курамында, Герат провинциясында, мотоаткычтар батальонунун взводунун командиринин орун басары катары кызмат кызмат өтөгөн. Ага сержант наамында демобилизацияланган. Кызмат өтөгөн мезгилде "Эрдик үчүн" медалы менен жана СССР Президенти М.С. Горбачёвдун "Интернационалдык милдетти аткаргандыгы үчүн" Ардак грамотасы менен сыйланган.

1993-1994-жылдарда Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунун "Кайнар" агрардык бирикмесинин башкы директорунун орун басары болуп турган.

1994-1995-жылдарда Кыргызстанда жеке ишкердик менен алектенген.

1996-жылдан 1998-жылга чейин "AIG" америкалык камсыздандыруу компаниясында ага менеджер болуп иштеген (Москва ш.).

1998-жылдан 2002-жылга чейин "ATM-АГРО" ЖЧКнын ага директору кызматын ээлеп турган (Москва ш.).

2002-жылдан 2005-жылга чейин "Арбат менеджмент" Башкаруу компаниясы" ЖЧКнын башкы директору болгон (Москва ш.).

2005-жылдан 2007-жылга чейин "Деловой центр Преображенский" долбоорун жетектеген (Москва ш.).

2007-жылдан 2010-жылга чейин – "Аспол-Центр" компаниясынын жетекчиси.

2010-жылы "Кыргызстандыктарды коргоого жана колдоого көмөк көрсөтүү борбору" КэИни негиздеген жана жетектеген (Москва ш.).

2010-2021-жылдар аралыгында – "Мекен Ынтымагы" партиясынын төрагасы.

"Евразия экономикалык илимпоздор клубу" ассоциациясынын (Россия) мүчөсү, экономикалык клубдун координациялык кеңешинин курамына кирет.

Үйлөнгөн, төрт баласы бар.

2021-жылдын 30-июнунда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча мүчөсү (министр) болуп дайындалды.

21 2016 ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча Адамкул Жунусовдун “Звязда” гезитине берген интервьюсу: “ЕАЭБтин мунай боюнча жалпы рыногун түзүү мөөнөттөрү кыскартылышы мүмкүн” Евразия биримдигин түзүү - эң оболу экономикалык кадам. Жалпы рыноктор туура түзүлсө, алар катышуучу өлкөлөргө жалгыз болгондо мындай пайда жөнүндө кеп болушу да мүмкүн эмес болгон олуттуу пайда алып келе алат. Мисалы, ЕАЭБ алкагында мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рыногун түзүүдөн суммардык натыйжа беш жылдын аралыгында 5-8 миллиард долларды түзөт. Бул Россия илимдер академиясынын Экономикалык стратегиялар институтунун изилдөөлөрүнүн маалыматтары боюнча. Дал ушул изилдөөлөргө таянуу менен ЕАЭБ Мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рыногун түзүү концепциясынын долбоору иштелип чыгарылып, ал ушул жылы Биримдиктин өкмөттөр аралык кеңеши тарабынан кабыл алынган. Аларды түзүүнүн акыркы мөөнөтү - 2025-жылдын 1-январы. Дагы дээрлик 10 жыл бар. Бирок бул процессти тездетүүгө болобу? Атайын “СЕ” үчүн бул суроого Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (Министр) Адамкул Жунусов жооп берет.
0/0