Иманалиев Данияр Шаршенбекович

Иманалиев Данияр Шаршенбекович
Өмүр баян

1980-жылы 21-апрелде Бишкек шаарында төрөлгөн, Кыргыз Республикасы.

2003-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин "ишканалардын экономикасы" адистиги боюнча аяктаган.

2012-жылы Рицумейкан университетин "экономикалык өнүгүү" адистиги боюнча аяктаган (Киото шаары, Япония).

2004-жылы Илим жана интеллектуалдык менчик мамлекеттик агенттигине (КыргызПатент) караштуу Мамлекеттик инновациялык технологиялар борборунда I категориядагы адис болуп иштеген.

2004-2006-жылдары – Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Жаштар иштери боюнча комитетинин координатору.

2006-2009-жылдары – Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Орто мөөнөттүү болжолдоо башкармалыгынын башкы адиси.

2009-жылы – Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин МЖӨ долбоорлору боюнча фискалдык тобокелдиктерди башкаруу секторунун башчысы.

2009-2010-жылдары – Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин Бюджет кызматынын эксперти.

2012-2014-жылдары – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын аймактык өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти.

2014-2015-жылдары – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн интеграциялык процесстер жана макроэкономика секторунун башчысы.

2015-жылдан 2018-жылга чейин – Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары.

2018-жылы – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы.

2018-жылдан 2021-жылга чейин – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы.

2021-жылдын февраль айынан октябрь айына чейин – Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин биринчи орун басары.

2021-жылдын ноябрынан 2025-жылдын июлуна чейин – Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы инфраструктурасы департаментинин директору.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен 2025-жылдын 29-июлунан тартып Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри болуп дайындалган.