Камалян Артак Каджикович

Биография

1970-жылдын 9-майында төрөлгөн.

1990-жылы К.Д. Глинка атындагы Воронеж айыл чарба институтунун экономика факультетин бүтүргөн.

2000-жылы экономика илимдери боюнча докторлук даражаны алган. 140тан ашуун илимий жана окутуучу-усулдук иштердин автору.

2020-жылдын 1-февралынан тарта Артак Камалян Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр).

Комиссияга дайындалганга чейин Артак Каджикович Армения Республикасынын айыл чарба министринин орун басарынын, ошондой эле Армения Республикасынын экономика министринин орун басарынын кызматын ээлеп келген.

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн жетекчилери Армения Республикасынын өкүлүн дайындоо жөнүндө чечимди 2019-жылдын 20-декабрында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Санкт-Петербургда болуп өткөн отурумунда кабыл алышкан.

0/0