1950-жылдын 6-майында Минск областынын Несвиж районунун Новый Снов айылында төрөлгөн.
1967-жылы Снов орто мектебин күмүш медаль менен бүтүргөн, 1972 – Брест инженердик-курулуш институтун, ал эми 1989-жылы – Минск жогорку партиялык мектебин бүтүргөн.
1972-жылы өзүнүн эмгек ишмердигин "Минскпроект" мамлекеттик долбоордук институтунда инженер болуп баштаган.
1972 – 1973-жылдары Совет Армиясында кызмат өтөгөн.
1973-жылдан 1983-жылга чейин Минск шаарынын коммуналдык чарбасында инженердик жана жетекчилик кызматтарда иштеген.
1983–1986-жылдар аралыгында Минск шаарынын Совет райондук Элдик депутаттар кеңешинин аткаруучу комитетинин төрагасы, Минск шаардык Элдик депутаттар кеңешинин аткаруучу комитетинин төрагасынын орун басары, Белоруссиянын Коммунисттик партиясынын Минск шаардык комитетинин катчысы болуп иштеп келген.
1986–1990-жылдарда – БССРдин турак жай-коммуналдык чарба министри.
1990-жылдан 1995-жылга чейин БССР Министрлер Кеңешинин Төрагасынын орун басары – БССРдин Экономика жана пландоо боюнча мамлекеттик комитетинин Төрагасы, Беларусь Республикасынын Министрлер Кеңешинин Төрагасынын Биринчи орун басары, Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары.
1994-жылы Экономикалык бирликтин (КМШ) Мамлекеттер аралык экономикалык Комитетинин Президиумунун мүчөсү болуп дайындалган.
1995–2001-жылдарда – Беларусь Республикасынын Президентинин Администрациясынын башчысы.
2001–2010-жылдар аралыгында – Беларусь Улуттук илимдер академиясынын жетекчиси (Президент, 2004-жылдан тарта Президиумдун Төрагасы).
2003–2012-жылдарда Беларусь Республикасынын илим жана техника тармагындагы мамлекеттик премиялар боюнча комитетчесинин төрагасы болуп турган.
2015-жылдан тарта – Беларусь Республикасынын мамлекеттик премиялар боюнча Комитетинин төрагасы.
2010-жылдан 2014-жылга чейин – Беларусь Республикасынын Премьер-министри.
2015–2019-жылдарда Беларусь Республикасынын Республикалык Улуттук жыйынынын Кеңеши жана Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Кеңеши тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү Беларусь жана Россия Региондор форумунун теңтөрагасы болуп келген.
2014-жылы Нью-Йоркто өткөрүлгөн БУУнун климат маселелери боюнча Саммитинде, ошондой эле алгачкы Белорус-Америка инвестициялык форумунда катышкан.
2015–2019-жылдарда – Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын Республика Кеңешинин бешинчи (2015 — 2016 жж.) жана алтынчы (2016 — 2019 жж.) чакырылыштарынын Төрагасы, Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын Республика Кеңешинин алдындагы Жергиликтүү башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсү боюнча кеңештин төрагасы (2015 — 2019 жж.).
"БЕЛАЗ" ачык акционердик коомунун Байкоочу кеңешинин Төрагасы болуп келген.
Үч жолу Беларусь Республикасынын Президентинин ыраазычылыгын алган. "Ардак белгиси" ордени (1981), III даражадагы Ата-Мекен ордени (2000), II даражадагы Ата-Мекен ордени (2020), Достук ордени (Россия Федерациясы) (2009), Достук ордени (Кытай Эл Республикасы) (2010), Белорус православ чиркөөсүнүн I даражадагы Ыйык Кирилл (2010) ордени, мааракелүү медалдар, "Беларусь Улуттук илимдер академиясынын алтын медалы "Илимди өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы үчүн" төш белгиси (2014), Молдова Улуттук илимдер академиясынын Д. Кантемир медалы, Армения Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын чоң алтын медалы, Беларусь Республикасынын Министрлер Кеңешинин жана Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын ардак грамоталары, Беларусь Улуттук илимдер академиясынын В.М. Игнатовский атындагы сыйлуу төш белгиси (2018) менен сыйланган. Несвиж шаарынын ардактуу тургуну (2015).
Экономика илимдеринин доктору (1998), профессор (2003), Беларусь Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти (2009). Санкт-Петербург мамлекеттик экономика университетинин (2008) жана Вьетнам Илимдер жана технологиялар академиясынын ардактуу доктору (2011), Брест мамлекеттик техникалык университетинин ардактуу профессору (2013), Белорус мамлекеттик университетинин ардактуу профессору (2017), Эл аралык илимдер академиялар ассоциациясынын (2021) анык мүчөсү (академиги). Экономика, эл аралык интеграция жана мамлекеттик курулуш тармактарындагы монографиялардын, илимий иштердин жана басылмалардын автору. Үч илимдер кандидатын даярдаган.
Үйлөнгөн. Бир кызы жана бир уулу, төрт небереси бар.