Шкляев Сергей Владимирович

Шкляев Сергей Владимирович
Өмүр баян

1976-жылы 4-майда Россия Федерациясынын Приморье крайынын Хасан районундагы Славянка шаарчасында туулган.

2003-жылы Россия бажы академиясын "Юриспруденция" адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган, ошондой эле 2025-жылы экономика багыты боюнча аспирантураны бүтүргөн.

1996-жылдан тарта — бажы органдарында кызмат өтөгөн. Хасан бажысынын инспекторунан тартып Россиянын ФБКсынын Соода чектөөлөрү, валюталык жана экспорттук көзөмөл башкармалыгынын башчысына чейинки кызматтарды ээлеген.

2024-жылдын 14-мартында Федералдык бажы кызматынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалган.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен 2026-жылдын 23-мартынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри кызматына дайындалган.