Жаңылыктар

04.03.2016 (Обновлено: 28.06.2019 22:46)

ЕЭК Кош салыкка жол бербөө тууралуу орус - казак конвенциясынын маселелерин чечмелейт

Евразия экономикалык комиссиясына салык төлөөчүлөрдүн Казакстан Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда кош салык төлөөнү четтетүү жана Кирешеге жана капиталга салык төлөөдөн баш тартуунун болтурбоо тууралуу конвенциянын нормаларын колдонулушуна ылайык салык резиденттерин тастыктоо жагында түптөлгөн жагдайлар боюнча көптөгөн кайрылуулары келип түшкөн.​ Евразия экономикалык комиссиясына салык төлөөчүлөрдүн Казакстан Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда кош салык төлөөнү четтетүү жана Кирешеге жана капиталга салык төлөөдөн баш тартуунун болтурбоо тууралуу конвенциянын нормаларын колдонулушуна ылайык салык резиденттерин тастыктоо жагында түптөлгөн жагдайлар боюнча көптөгөн кайрылуулары келип түшкөн. Документтерди легалдаштыруу маселеси Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин компетенциясына кирээрин эске алып, Евразия экономикалык комиссиясы Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын юстиция министрликтерин тиешелүү суроо -талаптарды жөнөткөн. ЕЭКтин суроо - талабына жооп катары РФ Юстиция министрлигинен 2015-жылдын 17-мартында №06-20137/15 бул маселе РФ менен Казакстан Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан эки форматта чечиле тургандыгы жана Казакстан Республикасынын Юстиция министлигинин 2015-жылдын 11-мартындагы №20-1-4/9098 бул маселе Казакстан Республикасынын Финансы министрлиги менен Россия Федерациясынын Юстиция министрлигинин ортосунда карала тургандыгы тууралуу каттар алынган. Учурда Россия Федерациясынын Юстиция министрлиги менен Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин ортосунда Кирешеге жана капиталга салык төлөөдөн баш тартуунун болтурбоо тууралуу конвенциянын алкагында Казакстан Республикасы менен Россия Федерациясынын органдары тарабынан берилген, резиденттикти тастыктоочу расмий документтерди таануу  тартиби  тууралуу келишим долбоору иштелип чыккан. Мындан тышкары россиялык тарап билдиргендей, учурда Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-августундагы №1531-р “Ноталарды алмаштыруу аркылуу  кош салык салуунун чететтүү жана кирешеге жана капиталга салыкты төлөөдөн баш тартууга жол бербөө жөнүндө РФӨ менен РКӨ ортосундагы Конвенциянын алкагында РФӨ менен РК компетенттүү органдары тарабынан берилген, резиденттикти тастыктоочу  расмий документтерди таануу тартиби жөнүндө келишим түзүү тууралуу” тескемеси кабыл алынды. Ушул сыяктуу эле Казакстан Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2015-жылдын 29-октябрында №863 токтом да кабыл алынган Ага ылайык, Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Ноталарды алмаштыруу формасында  кош салык салуунун четтетүү жана кирешеге жана капиталга салыкты төлөөдөн баш тартууга жол бербөө жөнүндө РФӨ менен РКӨ ортосундагы Конвенциянын алкагында РФӨ менен РК компетенттүү органдары тарабынан берилген, резиденттикти тастыктоочу  расмий документтерди таануу тартиби жөнүндө келишимге кол коюу табышталган Ошентип, жакынкы учурда дипломатиялык ноталар менен алмашуу аркылуу  кош салык салуунун четтетүү жана кирешеге жана капиталга салыкты төлөөдөн баш тартууга жол бербөө жөнүндө Россия Федерациясынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Конвенциянын алкагында, Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан берилген, резиденттикти тастыктоочу  расмий документтерди таануу тартиби жөнүндө келишим түзүлөт. Кош салык салуунун чететтүү жана кирешеге жана капиталга салыкты төлөөдөн баш тартууга жол бербөө жөнүндө  конвенция эки тараптуу түзүлгөндүгүн жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги тууралуу келишимге катышуучу мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан гана комментариялана тургандыгын белгилей кетүү зарыл. Ошол эле учурда ЕАЭБ жөнүндө келишимде Комиссиянын мыйзамдаштыруусуз (апостилдештирүүсүз), салык резиденттигин тастыктоочу расмий документтердин түп нускаларын таануу ыйгарым укугу каралган эмес.