Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
 

Издөөнүн жыйынтыктары: 6243

25 сентябрындагы 2025 Андрей Слепнев: "ЕАЭБ менен Ирандын ортосунда Эркин соода жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча кызматташтыктын үч жылдык жол картасына кол коюлду" Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев ушул жылдын май айында күчүнө кирген Евразия экономикалык бирлиги менен Ирандын ортосундагы Эркин соода жөнүндө толук форматтуу макулдашууну ишке ашыруу боюнча биргелешкен комитеттин биринчи отурумунун жыйынтыгы боюнча пресс-брифингде билдирди. Отурумга биргелешкен комитеттин Иран тараптан тең төрагасы Иран Ислам Республикасынын өнөр жай, кен жана соода министри Мохаммад Атабак, ошондой эле ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов катышышты. "Көлөмдүү документ, мисалы, транспорт жана логистика жана баарынан мурда "Түндүк-Түштүк" коридору сыяктуу негизги бөлүмдөрдү камтыйт. Биз жашыл бажы коридорлорун түзүү, санариптештирүү, электрондук транзитке өтүү жөнүндө макулдаштык, бул биздин ишканалар үчүн ирандык рынокко өз продукцияларын тез жеткирүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү ачат", – деп баса белгиледи Андрей Слепнев. Ошондой эле кеп "Евразиялык агроэкспресс" долбоору боюнча муздак жүктөрдү ташууну кеңейтүү, порттор линиясы боюнча өз ара аракеттенүү жана ирандык порттор аркылуу Инди океанынын акваториясына чыгуу перспективасы менен инфраструктура боюнча пландарды координациялоо жөнүндө болууда. Буга байланыштуу ЕЭК министри эркин соода жөнүндө макулдашуу боюнча индиялык тарап менен жигердүү консультациялар жөнүндө эске салды. Мындан тышкары, Пакистан менен да ушундай эле өз ара иштешүү "горизонтто" турат, бул иран өнөктөштөрүнүн "Түндүк – Түштүк" коридорундагы маанилүү звено катары суроо-талабын күчөтөт. Андрей Слепнев ЕАЭБден товарлардын импортуна Ирандын сандык чектөөлөрүн алып салуу боюнча олуттуу иштерге да токтолду, муну өнөктөш тарабынан евразиялык "бешилтиктин" өлкөлөрүнө берилген уникалдуу преференция деп атоого болот. "Халал" сертификаттоо боюнча документке кол коюлганын өзүнчө белгилеп кетейин, бул азыр айыл чарба продукцияларын сатуу үчүн маанилүү тема. Бул жерде биз метрология боюнча ислам уюмунун стандарттарына ылайык иштөөнү макулдаштык", – деди ЕЭКтин соода боюнча министри. Тараптар стандарттар боюнча ишти баштоо жана соодадагы техникалык тоскоолдуктарды жоюу жөнүндө макулдашышты. Жөнгө салуучу органдардын көмөгү менен ЕАЭБ менен Ирандын чакан жана орто бизнестин товарларын жеткирүү үчүн канал сунуштаган ири маркетплейстеринин ортосунда практикалык диалог башталды. "Бартердик өнүктүрүү, эсептөөлөр, аймактагы үчүнчү өлкөлөр менен соода боюнча саясатты координациялоо, ишкер чөйрөлөрдүн кызматташуусу сыяктуу башка маселелер да каралды", – деп белгиледи Андрей Слепнев. Товарлардын келип чыгышын тастыктоонун электрондук тутумун иштеп чыгуу жөнүндө сунуштарды даярдоо жана ЕАЭБдин жана Ирандын бизнеси үчүн сооданы жөнгө салуу маселелери боюнча маалымдаманы иштеп чыгуу талкууланды. Тараптар Ирандын ЕАЭБдин Фармакопеялык комитетинин ишине байкоочу катары катышуусун иштеп чыгууну жана медициналык приборлор жана техникалар, ошондой эле транспорт каражаттары жана запастык тетиктер үчүн өз ара жеткиликтүүлүк шарттарын жакшыртуу боюнча консультацияларды өткөрүүнү макулдашышты. Айыл чарба жана тамак-аш продукцияларын сатууга таасир этүүчү санитардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу, навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча биргелешкен сунуштарды иштеп чыгуу маселелерин кароо жөнүндө макулдашууга жетишилди. Ошондой эле бажы кызматташтыгы боюнча комитетче түзүү тууралуу макулдашылды. ЕЭКтин соода боюнча министринин сөзү боюнча, Иран менен Эркин соода жөнүндө толук форматтагы макулдашуунун натыйжалары байкала баштады, ал ортодо Макулдашуу май айында гана күчүнө кирген. Январдан тартып товар жүгүртүү 16%га өскөн жана бул көрсөткүч 2019-жылдан тартып Убактылуу макулдашуу колдонулган мезгилде байкалган олуттуу өсүштү тастыктап жатат. Статистиканын маалыматтары ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы товар жүгүртүү преференциалдык соода режими иштей баштагандан бери 2,2 эседен ашык көбөйгөнүн көрсөтүүдө. Буга байланыштуу ЕЭКтин соода боюнча министри орто мөөнөттүү келечекте сооданы эки эсеге көбөйтүү жана 12 млрд доллар планкасына жетишүү боюнча мурда айтылган пландарды тастыктады.
Дагы көрсөтүү