Жаңылыктар

16.04.2021 (Обновлено: 07.10.2021 16:11)

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнеси Стратегия-2025ти ишке ашырууга кошулат

Евразия экономикалык комиссиясынын бизнес менен өз ара байланышын өркүндөтүү, ошондой эле Стратегия-2025ти ишке ашырууга Евразия экономикалык бирлигинин бизнес-коомчулугунун катышуусу боюнча маселелер 16-апрелде ЕЭКтин Москвадагы штаб-квартирасында ЕЭК менен ЕАЭБ Ишкер кеңешинин өз ара аракеттенүүсү боюнча консультативдик комитеттин отурумунда каралды.

Евразия экономикалык комиссиясынын бизнес менен өз ара байланышын өркүндөтүү, ошондой эле Стратегия-2025ти ишке ашырууга Евразия экономикалык бирлигинин бизнес-коомчулугунун катышуусу боюнча маселелер 16-апрелде ЕЭКтин Москвадагы штаб-квартирасында ЕЭК менен ЕАЭБ Ишкер кеңешинин өз ара аракеттенүүсү боюнча консультативдик комитеттин отурумунда каралды.

Евразия экономикалык комиссиясынын министрлери 2021-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүндө бизнес коомчулугу менен 41 жолугушуу өткөрүүнү пландаштырууда. Бизнес Евразиялык экономикалык интеграциянын негизги бенефициары болушу керек”, - деди Комиссиянын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович отурумду ачып жатып.

Ошондой эле, ал 2020-жылы Бирликтин реестриндеги тоскоолдуктардын саны 2016-жылдан бери биринчи жолу 59га чейин азайгандыгын, аныкталган бардык тоскоолдуктардын 83% жоюлгандыгын айтты. 2021-жылы дагы 2 тоскоолдук жоюлган.

Өткөн жылы беш жылдан бери чечилбей келе жаткан мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларга жеткилик берүү маселеси боюнча жылыштар болду. Комиссия Бирликтин өлкөлөрү менен биргеликте мамлекеттик сатып алуулар үчүн товарлардын айрым түрлөрүнүн чыккан өлкөсүн аныктоонун эрежелерин иштеп чыккан жана бекиткен. Эрежелерде Комиссия ЕАЭБ мамлекеттеринин өнөр жай товарларынын евразиялык реестрин жүргүзүүсү каралат, ал жакка продукция Бирлик өлкөлөрүнүн улуттук ыйгарым укуктуу органдарынын экспертизасынын актыларынын негизинде киргизилет. Тийиштүү маалыматтык ресурс 2021-жылдын 1-февралында ишке киргизилген. 

"Бул - иш толук кандуу "ЕАЭБ товары" брендин түзүүгө чоң кадам", - деп эсептейт Михаил Мясникович.

ЕАЭБ Ишкер кеңешинин президиумунун төрагасы, Казакстандын "Атамекен" Улуттук ишкерлер палатасынын башкармалыгынын төрагасы Аблай Мырзахметов белгилегендей, ЕАЭБтин ички рыногунда тутумдук көйгөйлөр сакталып калууда, бул биринчи кезекте товарлардын транзитине байланыштуу. Аларды жоюу үчүн комплекстүү чечимдер керек. 

"Биз ЕЭК менен ЕАЭБ Ишкер кеңешинин ортосунда маалыматтык өз ара байланышты жөнгө салууну, буга чейин келип түшкөн кайрылуулардын аудитин жүргүзүүнү жана ишкер өзүнүн кайрылуусунун абалын онлайн-режиминде көрө алышы үчүн бизнес тутумунун көйгөйлөрүнүн электрондук реестрин түзүүнү сунуштайбыз", - деп белгиледи Аблай Мырзахметов.

Ал өз сөзүндө ЕЭКтин ишкерлерди кызыктырган маселелерди иштеп чыгуу жана өз ара алгылыктуу чечимдерди издөө боюнча жигердүү жана конструктивдүү позициясына да көңүл бурду.

ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев ишкердик коомчулукту 2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын ишке ашырууга катышууга чакырды.

«Стратегия-2025ти ишке ашыруу планында 500дөн ашык иш-чаралар бар, алардын жарымын 2022-жылга чейин бүтүрүү пландаштырылууда. ЕАЭБ Ишкер кеңешин бул ишке кошулууга чакырабыз. Биринчи кезекте, биз үч негизги багыт боюнча сиздерден сунуштарды алууга кызыкдарбыз: биргелешкен долбоорлорду түзүү, тоскоолдуктарды жоюу жана ишкердик климатты жакшыртуу, ошондой эле Бирликтин мыйзамдарын өркүндөтүү, биринчи кезекте бажы жана техникалык жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу", - деп баса белгиледи Сергей Глазьев.

Ал ЕАЭБ Ишкер кеңешин Бирликтин чет өлкөлүк өнөктөштөрү менен диалогду өнүктүрүү жана ЕАЭБдин эл аралык күн тартибин ишке ашыруу боюнча сунуштарды киргизүүгө чакырды.

Сергей Глазьев илимий-техникалык саясаттын перспективдүү багыттарын жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн илимий-техникалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо үчүн Бирлик мамлекеттеринин компанияларынын жана ишканаларынын арасында сурамжылоо жүргүзүү пландаштырылып жаткандыгын билдирди.

ЕАЭБ Ишкер кеңешинин президиумунун мүчөсү, Россиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун президенти Александр Шохин Стратегия-2025те бизнес коомчулугунун көптөгөн сунуштары эске алынгандыгын белгиледи. Азыр бизнес интеграциядан кандай артыкчылыктарды алууга боло тургандыгын толук түшүнбөй жатат, ошондуктан ЕЭКтин жана Ишкер кеңештин милдети ушул кооперациялык артыкчылыктарды көрсөтүү болуп саналат.

Ошондой эле, жолугушуунун катышуучуларына ЕАЭБ мамлекеттериндеги соода тармактарынын жана өндүрүүчүлөрдүн өз ара аракеттенүүсү боюнча Комиссия тарабынан иштелип чыккан Ак ниет тажрыйбалардын кодекси жана ЕАЭБде чек ара аралык жүгүртүмдү жөнгө салуу жөнүндө эл аралык келишимдин долбоору тааныштырылды. Алар "BRICK PAY" төлөм-эсептөө тутумун түзүү боюнча санариптик демилгени жана дары-дармек препараттары чөйрөсүндө ЕАЭБдин бирдиктүү рыногун түзүүнүн айрым аспектилерин карашты.

Михаил Мясникович ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишкерлерин Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында Комиссия тарабынан уюштурула турган талкууга катышууга чакырды.

Консультативдик кеңештин отурумуна ЕЭК министрлери, ЕАЭБ Ишкер кеңешинин президиумунун мүчөлөрү, Бирлик өлкөлөрүнүн бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Маалымат:

ЕЭК менен ЕАЭБ Ишкер кеңешинин ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча консультативдик кеңеш ЕЭК менен ЕАЭБ Ишкер кеңешинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жана диалогду камсыз кылат. Анын курамына Бирлик өлкөлөрүнүн бизнес коомчулугунун, өнөр жай бирикмелеринин, коомдук уюмдарынын өкүлдөрү киришет.