Жаңылыктар

18.10.2019 (Обновлено: 31.10.2020 01:47)

ЕЭК жана Индонезиянын өкмөтү кызматташтык жөнүндө меморандум түзүштү

17-октябрда Тангеранг шаарында (Индонезия) Trade Expo Indonesia соода көргөзмөсүнүн алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Индонезия Республикасынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу салтанаттуу аземи болуп өттү. Документке ЕЭК Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьев жана Индонезия Республикасынын соода министри Энгартиасто Лукита кол коюшту. 17-октябрда Тангеранг шаарында (Индонезия) Trade Expo Indonesia соода көргөзмөсүнүн алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Индонезия Республикасынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу салтанаттуу аземи болуп өттү. Документке ЕЭК Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьев жана Индонезия Республикасынын соода министри Энгартиасто Лукита кол коюшту.   «Индонезия – АСЕАНдын жана бүткүл Азия-Тынч океан регионунун негизги экономикаларынын бири, жана ЕЭКтин бул өлкөнүн өкмөтү менен тике диалог түзүп жаткандыгы маанилүү. Өз ара аракеттенүүнүн жаӊы форматы, башкалар менен катар эң заманбап технологияларды жана санариптик экономиканын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануунун эсебинен, бул өлкө менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн натыйжалуу инфраструктурасын түзүүгө өбөлгө түзмөкчү», – деп Сергей Глазьев Индонезиянын соода министри менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө билдирди.   «Меморандум Евразия экономикалык бирлигинин бардык мүчө мамлекеттеринин Индонезия менен кызматташтыкты өнүктүрүү каалоосун чагылдырат, жана биз биргелешкен жумушчу топтун алкагында буга бардык өлкөлөр активдүү түрдө кошулушун күтөбүз», – деди ЕЭК министри.   Индонезия Республикасынын соода министри өз кезегинде ЕЭК менен кызматташтыкты расмийлештирүү – бул «бүткүл ЕАЭБ региону менен экономикалык мамилелер үчүн тарыхый кадам», ал өз ара сооданын жана инвестициялардын өсүшүнө түрткү берет деп баса белгиледи. Министр келечекте «ЕАЭБ – Индонезия» бизнес-форумун өткөрүү жана Евразия экономикалык бирлиги менен көп тараптуу кызматташтыкты күчөтүүгө Индонезиянын ишкердик коомдоштуктарын тартуу идеясын колдоду. Атап айтканда, мүчө мамлекеттердин соода-өнөр жай палаталарынын жана Индонезиянын ортосунда тике диалог уюштуруунун максатка ылайыктуулугу баса белгиленди.   «Биздин өлкөлөрдүн бизнесинин өкүлдөрүнүн ортосундагы экономикалык потенциалды ишке ашыруу үчүн жайлуу шарттарды түзүү конкреттүү долбоорлорду, анын ичинде жогорку кошулган наркы менен жогорку технологиялуу продукцияны чыгаруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүндүк берет», – деди Сергей Глазьев.   ЕЭК министри сооданы жеңилдетүү, бажылык жана техникалык жөнгө салуу, каржы рынокторун өнүктүрүү сыяктуу ЕЭКтин улуттан жогорку компетенциясы маселелери меморандумдун негизинде түзүлгөн жумушчу топтун көңүл борборунда болмокчу деп белгиледи. Ошол эле, бул аянтчада өнөр жай жана агрардык секторлордо тажрыйба жана мыкты иш-тажрыйбаларды алмашуу каралган.    Тараптар соода жана инвестициялардагы эки тараптуу өз ара аракеттенүүгө резерв бар экендигин тастыкташты. 2019-жылдын январь-июль айларында 2018-жылдын ошол эле мезгил аралыгына салыштырмалуу ЕАЭБ мамлекеттеринин Индонезия менен товар жүгүртүүсү 11%га өсүп, 1,7 млрд АКШ долларын түзгөндүгүнө карабастан (анын ичинде экспорт – 20,1%га 607 млн АКШ долларына чейин; импорт – 6,4%га 1,1 млрд АКШ долларына чейин), салттуу жана жаңы тармактарда товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр менен соода жүргүзүүнү андан ары өнүктүрүүгө олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар.   Тараптар ЕЭКтин жана Индонезия Республикасынын биргелешкен жумушчу тобунун алгачкы отуруму 2020-жылдын биринчи кварталында Москвада өткөрүлөт деп келишишти.   Индонезияга сапарынын жүрүшүндө Сергей Глазьев Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) генералдык катчысынын орун басары Аладдин Рилло менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Талкууланган негизги маселелер 2018-жылда кол коюлган Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун ишке ашырууга жана диалогду тереңдетүүгө тиешелүү болду. Министр ЕЭКтин жана Ассоциациянын катчылыгынын ортосундагы 2019–2020-жылдарга карата кызматташтык программасын ишке ашыруу башталгандыгынын эсебинен АСЕАН менен өз ара аракеттенүүнүн оң динамикасын белгиледи.   Ушул жылдын 9–10-декабрында Москвада болуп өтүүчү интеграциялык тажрыйба алмашуу боюнча семинар көп тараптуу форматтагы кызматташтыкты тереңдетүү багытындагы алгачкы кадамдардын бири болуп калмакчы.   АСЕАНдын генералдык катчысынын орун басары да өз кезегинде ЕЭК менен жолго коюлган байланышка жогору баа берди жана тараптар биргелешкен аракеттердин планын ыкчам иштеп чыгуу жана макулдашуу менен, жакшы старт алышты деп белгиледи.   «АСЕАН менен тике диалог эки региондун ортосундагы кызматташтыктын перспективдүү тармактарын аныктоо үчүн керек, айрыкча ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин жана Ассоциациянын байланыштарынын интенсивдүүлүгү контекстинде», – деди ЕЭК министри.   Сергей Глазьев Бирликтин өлкөлөрүндө өткөрүлүүчү негизги форумдардын аянтчаларындагы, анын ичинде эки жылдан бери ЕАЭБ – АСЕАН бизнес-диалогу өткөрүлүп жаткан Петербург эл аралык экономикалык форумундагы (ПЭЭФ) экономикалык интеграция тематикасы боюнча иш-чараларда АСЕАНдын өкүлдөрүнүн катышуу иш-тажрыйбасын өнүктүрүүнү сунуш кылды. Министр АСЕАНдын Катчылыгын 2020-жылда Минскте Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумдарынын бирине байланыштуу өткөрүлүүчү биринчи Эл аралык Евразия экономикалык форумуна катышууга чакырды.   Индонезия Республикасынын соода министри жана АСЕАНдын генералдык катчысынын орун басары менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Сергей Глазьев Чоң Евразия өнөктөштүгүн түзүү процессине Ассоциациянын мамлекеттеринин кошулушунун маанилүүлүгүн белгилеп өттү.   Маалымат ЕЭК ондон ашуун өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен меморандумдар форматында: Чилинин, Перунун, Монголиянын, Сингапурдун, Камбоджанын, Марокконун, Иорданиянын, Фарер аралдарынын, Кубанын, Таиланддын, Бангладештин жана Молдавиянын, ошондой эле Грециянын өкмөтү менен – декларация форматында кызматташат. ЕЭК регионалдык интеграциялык бирикмелер менен, анын ичинде АСЕАН, МЕРКОСУР, Анд коомдоштугу, ошондой эле бир катар профилдик эл аралык түзүмдөр менен диалогду ырааттуулук менен өнүктүрүүдө.