18-апрелде парфюмердик-косметикалык продукцияга карата техникалык регламентине өзгөртүүлөр күчүнө кирди

Евразия экономикалык комиссиясынын 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 64 чечими менен кабыл алынган, Бажы бирлигинин "Парфюмердик-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине (ББ ТР 009/2011) өзгөртүүлөр парфюмердик-косметикалык продукциянын курамына карата талаптарды тактайт.
Атап айтканда, тийиштүү техрегламентте мындай продукцияда колдонууга тыюу салынган заттардын тизмеги актуалдаштырылган. Ошондой эле белгиленген чектөөлөрдү, уруксат берилген боекторду, консерванттарды жана УФ-фильтрлерин эске алуу менен колдонууга уруксат берилген заттардын тизмеси да жаңыртылды.