Жаңылыктар

24.12.2020 (Обновлено: 07.10.2021 16:14)

ЕАЭБдин магистралдык куурларга карата техникалык регламенти кабыл алынды

ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин "Суюк жана газ түрүндөгү углеводороддорду ташуу үчүн магистралдык куурларга талаптар жөнүндө" техникалык регламентин бекитти. Ал 2021-жылдын 1-июлунда күчүнө кирмекчи.

ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин "Суюк жана газ түрүндөгү углеводороддорду ташуу үчүн магистралдык куурларга талаптар жөнүндө" техникалык регламентин бекитти. Ал 2021-жылдын 1-июлунда күчүнө кирмекчи.

Документ долбоорлоодо (анын ичинде инженердик изилдөөлөрдө), курууда (реконструкциялоодо), пайдаланууда (кабыл алууда жана пайдаланууга киргизүүдө, консервациялоодо), утилдештирүүдө (жок кылууда) колдонуу жана аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналган, суюк жана газ түрүндөгү углеводороддорду ташуу үчүн магистралдык куурларга талаптарды, ошондой эле алардын шайкештигин баалоо эрежелерин аныктайт.

Техникалык регламент магистралдык куурду өз ара байланышкан объектилерден жана курулмалардан турган жана суюк жана газ түрүндөгү углеводороддорду ташуу үчүн арналган бирдиктүү өндүрүштүк-технологиялык комплекс катары карайт.

Аталган документ газды бөлүштүрүү жана газды керектөө тармактарынын куурларына, газ менен автономдуу камсыз кылуу тармактарынын жана автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станциялардын куурларына, деңиз куурларына, чарбакерчилик жана чарбалар аралык куурларга, жеңил углеводороддордун кең фракцияларын жана суюлтулган углеводород газдарын ташуу үчүн куурларга, ошондой эле углеводород чийки затын казып алуу жана (же) кайра иштетүү технологиялык процесстерин ишке ашыруу жана камсыз кылуу үчүн куурларга жайылтылбайт.

Техникалык регламенттин талаптары төмөнкү объектилерге жайылтылбайт: техникалык регламент күчүнө кирген күнгө чейин пайдаланууга киргизилген объектилерге; техникалык регламент күчүнө кирген күнгө чейин бекитилген же мамлекеттик экспертизага жиберилген долбоордук документацияга ылайык курулуп (реконструкцияланып) жаткан объектилерге; аларды курууга (реконструкциялоого) уруксат техникалык регламент күчүнө кирген күнгө чейин берилген объектилерге.

Магистралдык куурларга коюлуучу милдеттүү талаптар Бирликтин мамлекеттеринин учурдагы ченемдик документтеринин талаптарына негизделген, ошондой эле эл аралык техникалык жөнгө салуу тутумдарынын актыларына талдоону эске алат.

Техникалык регламенттин кабыл алынышы газ, мунай жана мунай өнүмдөрүн ташуу тутумдарынын Бирликтин газ, мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рыногун түзүү боюнча программалар (Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2018-жылдын 6-декабрындагы № 18 жана № 23 чечимдери менен бекитилген) менен каралгандай тартипте иштөөсүн камсыз кылат.​