Жаңылыктар

24.03.2021 (Обновлено: 07.09.2021 15:41)

Михаил Мясникович: "ЕАЭБдин агроөнөр жай комплексин келечектүү өнүктүрүү бул ишке илимий коомчулуктун жигердүү катышуусуз мүмкүн эмес"

24-мартта Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Россиянын мамлекеттик агрардык университетинде — К.А. Тимирязев атындагы МАЧАда болду. Иш сапардын жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин алкагында айыл чарба тармагында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү, ага Комиссиянын Коллегиясынын Төрагасынан тышкары, ЕЭК Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Артак Камалян, Россия Федерациясынын айыл чарба министринин орун басары Максим Увайдов, РМАУ — К.А. Тимирязев атындагы МАЧА ректору Владимир Трухачев катышышты.

"ЕАЭБдин агроөнөр жай комплексин келечектүү өнүктүрүү бул ишке илимий коомчулуктун жигердүү катышуусуз мүмкүн эмес, - деп баса белгиледи Михаил Мясникович. - Биз Комиссияда кабыл алынган чечимдердин жана документтердин илимий жактан негизделишине, ал эми окумуштуулар өздөрүнүн изилдөөлөрүндө Комиссия жана Бирлик өлкөлөрү иштеп чыккан артыкчылыктуу багыттарды жетекчиликке алышына умтулушубуз керек".

ЕЭК Коллегиясынын башчысы профилдик сунуштамаларды даярдоону жүзөгө ашыруучу, айыл чарба ишканалары, Бирлик өлкөлөрүнүн керектөөчүлөрү, ошондой эле Комиссия менен илимий жана академиялык чөйрөлөрдүн тыгыз координациясына өбөлгө түзө турган, ЕАЭБдин айыл чарба университеттеринин ассоциациясын түзүү жөнүндө ойлонууну сунуштады. Михаил Мясникович РМАУ — К.А. Тимирязев атындагы МАЧА өзгөчө статусун жана узак тарыхын эске алуу менен бул процессте университеттин өзгөчө ролун белгиледи. ЕЭК жана университет өз кезегинде орто мөөнөткө өз ара аракеттенүүнүн конкреттүү планын иштеп чыгышат.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын пикири боюнча, ЕАЭБдин азык-түлүк коопсуздугу маселелерине өзгөчө көңүл буруу зарыл. Бүгүнкү күндө Евразия экономикалык бирлиги толугу менен өзүн негизги азык-түлүк менен камсыз кылат.

Анткен менен, ЕЭК Коллегиясынын башчысынын пикири боюнча, мындан аркы ишти сандык көрсөткүчтөрдү жакшыртуу максатында гана эмес, ошондой эле мал чарбачылыгы жана өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгү чөйрөсүндө натыйжалуулукту жогорулатууга көңүл буруу зарыл. Ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн АӨК бири-бирин толуктап туруусуна басым жасоо максатка ылайыктуу.

"Алдыда көптөгөн маселелер бар, аларды чечүү интеграция ишине өбөлгө түзөт. Биз улуттук батирлерибизге бөлүнүп кетпешибиз керек. Эгерде биз илимий потенциалды колдонсок, анда биз кабыл алып жаткан ченемдик укуктук актылар евразиялык интеграциянын тереңдешине шарт түзөт”, - деп баса белгиледи Михаил Мясникович.

ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камаляндын айтымында, бүгүнкү күндө ЕАЭБде академиялык мобилдүүлүктү жана Бирлик мамлекеттеринин университеттеринин кызматташтыгын өнүктүрүүгө бирдиктүү ыкмаларды калыптандыруу маанилүү. "Кызматташтыктын бул чөйрөсүнүн актуалдуулугу адам капиталы жана технологиялык өнүгүү туруктуу экономикалык өсүштүн жана гүлдөп өнүгүүнүн негизги факторлору болгондугу менен аныкталат. Билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү жана жогорку сапаты экономиканын өсүшүнө гана эмес, прогрессивдүү коомдун өнүгүшүнө да таасирин тийгизет”, - деп белгиледи ЕЭК министри.

Жаңы демилгеленген долбоор ЕАЭБ өлкөлөрүнүн студенттерине эң күчтүү адистикке ээ болгон алдыңкы университеттерде билим алууга мүмкүнчүлүк берет деп болжолдонууда. “Ошол эле учурда, бул өз ара аракеттенүү Бирликтин өзүн популяризациясына көмөктөшөт. Мындан тышкары, биз кесиптик маселелерди гана натыйжалуу чечпестен, маданияттар аралык байланышты да чыңдай алабыз. Өлкөлөр бул идеяны колдойт деп үмүттөнөбүз", - деди Артак Камалян.

РМАУ — К.А. Тимирязев атындагы МАЧА ректору, РИА академиги, профессор Владимир Трухачев университеттин базасында эл аралык деңгээлдеги “Келечектин агротехнологиясы” илимий борборунун, жашылча өсүмдүктөрү жаатындагы селекциялык борбордун түзүлүшү, ошондой эле Тимирязев академиясынын инжинирингдик борборунун иши жөнүндө айтып берди.

Владимир Трухачев меймандарды университеттин инфраструктурасы жана Тимирязев академиясынын узак мөөнөттүү өнүгүү пландары менен тааныштырды. Евразиялык экономикалык комиссиясы менен өз ара аракеттенүү, ректордун айтымында, академиянын жана Россиянын башка айыл чарба университеттеринин ЕАЭБ мамлекеттеринин илимий-билим берүү уюмдары менен кызматташтыгын өнүктүрүүгө өбөлгө болот.

Жолугушуунун катышуучулары генетика, селекция жана жашылча өсүмдүктөрүнүн биотехнологиясы лабораториясында, В.Р. Вильямс атындагы топурак-агрономиялык музейинде болушту. ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович музейде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн топурак үлгүлөрү камтылган стенд түзүүнү сунуштады. Ошондой эле ал музейдин ардактуу конокторунун китебине жазуу калтырды.

Маалымат

Азыркы учурда ЕЭК Бирликтин агроөнөр жайын өнүктүрүү картасын иштеп чыгууда, анда ЕАЭБ өлкөлөрүндө агроөнөр жай комплексиндеги анын ичинде импортту алмаштыруу максатындагы ири инвестициялар жана инновациялык долбоорлор жөнүндө маалымат камтылган.

ЕЭКтин АӨК чөйрөсүндөгү ишинин негизги багыттарынын бири — асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү жана өлкөлөрдүн агроөнөр жай комплекстеринин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, асыл тукум продукциясынын өз ара соодасындагы чектөөлөрдү азайтуу жана импорттон көзкарандылыктын деңгээлин төмөндөтүү. Бул иш Стратегия-2025те каралган.

ЕЭК Бирликтин мамлекеттери менен биргеликте айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн бирдиктүү рыногун түзүү боюнча иш алып барууда.

Бирлик өлкөлөрүнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун алкагындагы дагы бир маанилүү багыт — бул чийки заттарды жана тамак-аш азыктарын өндүрүүнү жана кайра иштетүүнү техникалык жөнгө салууга бирдиктүү талаптарды калыптандыруу болуп саналат.

Атап айтканда, жалпы тамак-аш продукциясынын жана анын айрым түрлөрүнүн — балык жана балык азыктарынын, эт жана эт азыктарынын, сүт жана сүт азыктарынын, май жана май азыктарынын коопсуздугуна карата бирдиктүү талаптар белгиленген. ЕАЭБдин техникалык регламенттери менен айыл чарба жана токой чарба техникасынын өндүрүлүшү жөнгө салынат, минералдык жер семирткичтерге талаптар белгиленген жана башка көптөгөн нерселер. Бул документтердин үстүнөн иштөөгө "бештиктин" бардык өлкөлөрүнүн окумуштуулары тартылган.

Органикалык айыл чарбасы ЕАЭБдин агроөнөр жай комплексинин экономикасынын келечектүү драйвери болуп баратат. ЕАЭБ мамлекеттеринин стратегиялык артыкчылыгы болуп экологиялык таза, сапаттуу тамак-аш азыктарына дүйнө жүзү боюнча суроо-талаптын өсүшүнүн фонунда жаратылыш жана адам ресурстары менен камсыз кылуу саналат.

Эл аралык уюмдардын маалыматы боюнча, 2020-жылга карата органикалык продукциянын эл аралык жүгүртүүсү 130 миллиард долларга жакындады. Муну эске алуу менен Бирликтин өлкөлөрүндө органикалык өндүрүштүн ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү боюнча жигердүү иштер жүрүп жатат.

2020-2021-жылдарга айыл чарба продукциясынын жана азык-түлүктүн негизги түрлөрүнүн рынокторун талдоого ылайык, дан эгиндеринин жылдык орточо профицити 56,2 млн тоннаны (өзүн-өзү камсыз кылуу коэффициенти - 152,2%) түзөт, эттин бардык түрлөрү боюнча - 62,7 миң тонна (100,4%), кант боюнча - 8,7 миң тонна (100,1%); өсүмдүк майлары боюнча - 3,4 млн тонна (173,8%); жумуртка боюнча - ​​3,7 млн ​​даана (100,8%) болот.

Россиянын мамлекеттик агрардык университети — К.А. Тимирязев атындагы МАЧА — Россиянын эң белгилүү университеттеринин бири, анын тарыхы 155 жылдан ашкан (1865-жылы негизделген). Университет агроилимдин бардык спектри боюнча компетенциялардын ресурстук жана интеллектуалдык борбору болуп саналат, Россияда жана КМШ өлкөлөрүндө агроөнөр жай комплекси жана агрардык билим берүү жаатында кадрларды даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча базалык уюм статусуна ээ.