Жаңылыктар

26.10.2020 (Обновлено: 31.10.2020 12:31)

Сергей Глазьев евразиялык валюта-финансы тутумун түзүүнү сунуштады

​​Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев "ЕАЭБ жана "Бир алкак, бир жол" кытай демилгесинин айкалышы" форумунда ЕАЭБ менен Кытайдын ортосундагы каржылык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечеги боюнча сессияда улуттук валюталарга таянуу менен Евразия экономикалык бирлигинин валюта-финансы тутумун түзүү боюнча өзүнүн сунуштарын айтты. Иш-чара 26-октябрда онлайн-режиминде өткөрүлдү. ​ Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев "ЕАЭБ жана "Бир алкак, бир жол" кытай демилгесинин айкалышы" форумунда ЕАЭБ менен Кытайдын ортосундагы каржылык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечеги боюнча сессияда улуттук валюталарга таянуу менен Евразия экономикалык бирлигинин валюта-финансы тутумун түзүү боюнча өзүнүн сунуштарын айтты. Иш-чара 26-октябрда онлайн-режиминде өткөрүлдү. Сергей Глазьев баса белгилегендей, ЕАЭБде өз ара эсептешүүлөрдү улуттук валютада жүргүзүүнүн үстүндө иштер жүргүзүлүп жатат, анткен менен алардын үлүшү өтө эле аз бойдон калууда: Бирликтин ичинде болжол менен 50% жана Кытай менен эсептешүүлөрдө болжол менен 15%. "Россияда жана Кытайда төлөм системалары, банктар арасында электрондук маалымат алмашуу тутуму түзүлгөн, бирок чарбалык ишмердиктин катышуучулары инфраструктуранын бул элементтерин азыраак колдонуп, мурдагыдай эле чет элдик валюталар менен иштеп жатышат, - деп белгиледи Сергей Глазьев. - Мен кырдаалды түп-тамырынан бери өзгөртүү, өзүбүздүн евразиялык валюта-финансы тутумун түзүү керек деп эсептейм. Бул бизди тобокелдиктерден коргоп, ишенимдүү, ачык-айкын, ыңгайлуу, натыйжалуу болуп жана чарбачылык ишмердиктин катышуучулары үчүн оор болмок эмес". Ал ошондой эле, бул натыйжага жетүү боюнча өз сунуштарын айтты. Анын пикири боюнча, биринчи кезекте, улуттук валюталардын курсун турукташтыруу маанилүү. "ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосунда валюта курстарын турукташтыруу боюнча, Европа бирлигинин өлкөлөрүндө колдонулган "валюта жыланы" келишимине окшош келишимге кол коюу зарылчылыгы бышып жетилди",- деди Сергей Глазьев. Экинчи багыт - евразиялык биржаларды жана баа түзүү механизмдерин калыптандыруу. Бул багыт Евразиялык экономикалык интеграцияны 2025-жылга чейин өнүктүрүүнүн Стратегиялык багыттарынын долбоорунда каралган, ал Бирликтин мамлекет башчылары тарабынан жалпысынан жактырылган. Үчүнчү багыт - улуттук валютада эсептешүүлөр үчүн артыкчылыктарды берүү. Сергей Глазьевдин пикири боюнча, КМШнын Мамлекеттер аралык банкы коммерциялык банктарга караганда төмөнүрөөк тарифтер менен конверсиялык операцияларды камсыздоодо маанилүү ролду ойной алмак. Мындан тышкары, Сергей Глазьев улуттук валютадагы эсептешүүлөргө валюталык көзөмөлдү жайылтпоону жана өз ара сооданы жана биргелешкен инвестицияларды насыялоо жана каржылоо маселелерин кароону сунуштады. "Стратегия-2025ти жүзөгө ашыруунун алкагында биз аны иштеп чыга алабыз деп ишенем. Документтин буга чейин бекитилген багыттарынын ичинде - биргелешкен өнүгүү программаларын, биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду иштеп чыгуу, инвестициялык долбоорлорду - евразиялык интеграциянын символдорун калыптандыруу, өндүрүштүк кооперацияны кеңейтүү. Мунун бардыгы күчтүү узак мөөнөттүү насыя булактарын түзүүнү талап кылат”, - деп жыйынтыктады ЕЭК министри.​