Бирликте дагы төрт мамлекеттер аралык долбоор санариптештирилди
ЕЭК Коллегиясынын тескемеси менен бажы чөйрөсүндөгү мамлекеттер аралык (чек ара аралык) электрондук өз ара аракеттенүүнүн дагы үч процесси, ошондой эле бажылык-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу жаатындагы бир процесс "санариптештирилди" жана аракетке киргизилди. Аталган процесстер боюнча маалыматтар Бирликтин интеграцияланган маалыматтык тутумунун (ИМТ) каражаттары аркылуу берилмекчи жана иштетилмекчи.
ЕЭК Коллегиясынын тескемеси менен бажы
чөйрөсүндөгү мамлекеттер аралык (чек ара аралык) электрондук өз ара
аракеттенүүнүн дагы үч процесси, ошондой эле бажылык-тарифтик жана тарифтик
эмес жөнгө салуу жаатындагы бир процесс "санариптештирилди" жана
аракетке киргизилди. Аталган процесстер боюнча маалыматтар Бирликтин
интеграцияланган маалыматтык тутумунун (ИМТ) каражаттары аркылуу берилмекчи
жана иштетилмекчи.
Киргизилип жаткан жалпы процесстерди колдонуу өткөрүү пункттарынын тизмегин
жана Евразия экономикалык бирлигинин тышкы чек арасы аркылуу өткөрүү
пункттарынын паспорттордун маалыматтар базасын түзүү жана жүргүзүү үчүн
өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу органдарынын жана Комиссиянын ортосунда ыкчам
электрондук маалымат алмашууну уюштурууга мүмкүндүк берет. Эркин (атайын,
өзгөчө) экономикалык аймактардын резиденттеринин жалпы реестри да ушундай ыкма
менен уюштурулмакчы. Жарандык колдонуу үчүн радиоэлектрондук каражаттардын жана
жогорку жыштыктуу түзмөктөрдүн бирдиктүү реестри автоматташтырылган режимде
түзүлүп, макулдашыла баштайт.
"Бул процесстерди аракетке киргизүү тышкы экономикалык ишмердиктин
катышуучулары тарабынан логистикалык операциялардын натыйжалуу пландалышына, ошондой
эле товарлардын айрым түрлөрүн импорттоо менен байланыштуу бажы жол-жоболорунун
тездетилишине жана жеңилдетилишине өбөлгө түзмөкчү", – деп билдирди ЕЭКтин ички
рыноктор, маалыматташтыруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
боюнча министри Гегам Варданян.
Интеграцияланган маалыматтык тутум ЕАЭБдин алкагында Бирликке кирбеген
мамлекеттер, эл аралык уюмдар жана интеграциялык бирикмелер менен мамлекеттер
аралык маалымат алмашууну жана электрондук документтерди алмашууну камсыз
кылуу, мүчө мамлекеттер үчүн жалпы маалыматтык ресурстарды түзүү, жалпы
процесстерди ишке ашыруу, Бирликтин органдарынын ишмердигин камсыз кылуу үчүн
арналган.
Интеграциялык тутумдун негизги артыкчылыгы – анын кросс-тармактык мүнөзү жана
ЕАЭБде жөнгө салуу чөйрөлөрү кеңейтилген учурда жана үчүнчү өлкөлөр жана башка
интеграциялык бирикмелер менен маалыматтык өз ара аракеттенүү учурунда
масштабдоо мүмкүнчүлүктөрү.
Мамлекеттик маалыматтык ресурстар жана мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу
органдарынын маалыматтык тутумдары интеграцияланган тутумга Бирликте жалпы
процесстерди ишке ашыруунун алкагындагы улуттук интеграциялык шлюздар аркылуу
кошулушат.
Иш жүзүндө Бирликтин ИМТсин түзүүнүн аркасында ар кандай өлкөлөрдөгү ар түрдүү
маалыматтык тутумдардын шайкештиги камсыз кылынат. Бул маселе укуктук талаада
методологиялык жана техникалык жактан да чечилген.
Азыртан эле ИМТнин алкагында ЕАЭБдин маалыматтык интеграциясынын жана
маалыматтар моделинин бирдиктүү методологиясынын негизинде чек ара аралык
ишеним мейкиндиги, камсыз кылуучу техникалык инфраструктура, 14 тутумча жана 7
улуттук жана улуттан жогорку интеграциялык шлюз, 80ден ашуун маалымдамалар жана
классификаторлор, 11 жөнгө салуу чөйрөсү боюнча ЕАЭБдин маалыматтар моделиндеги
6 миңден ашуун маалыматтык объектилер түзүлгөн жана иштеп келүүдө. Маалыматтык
ресурстар үчүн ачык маалыматтардын жалпыга жеткиликтүү сервистери түзүлгөн.
Интеграцияланган тутумдун проблематикасы боюнча ЕАЭБ органдарынын 100дөн ашуун
укуктук актылары кабыл алынган.
2020-жылдын башынан тарта жалпы процесстерди ишке ашырууда мамлекеттик
органдардын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана
Комиссиянын ортосунда 8 миллиондон ашуун электрондук билдирүүлөр өткөрүлгөн
жана иштетилген.
Тутумдарынын кем жерлерин тез иштеп чыга албаган ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн киргизилип
жаткан жалпы процесстердин негизги функцияларын ишке ашыруучу программалык
камсыздоо акысыз берилет.