Жаңылыктар

01.06.2023 (Обновлено: 06.06.2023 09:30)

Артак Камалян жана Ербол Карашукеев Бирликтин АӨКтөгү кызматташтыгын өнүктүрүү перспективаларын талкуулашты


Тараптар ЕАЭБ мамлекеттеринде айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн жүгүртүүнү жөнгө салууга карата жалпы мамилелерди иштеп чыгуу, үстүбүздөгү жылы Бирликтин алкагында айыл чарба продукциясына кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү), жүгүртүү жана жоюу эрежелери жөнүндө макулдашууга кол коюу боюнча Казакстан тарабынан мамлекеттик ички процедураларды жүргүзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле ЕАЭБ алкагында органикалык продукцияны таануу тартиби жөнүндө макулдашуунун долбоорун мамлекеттик ички макулдашуунун жыйынтыктары талкууланды.

"АӨКтө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү бул процесстин бардык катышуучулары үчүн стратегиялык мааниге ээ. Бирликтин өлкөлөрүнүн ар бири конструктивдүү диалогго жана биздин жалпы максаттарды практикалык ишке ашырууга багыт алгандыгы кубандырат", – деди Артак Камалян.

Ербол Карашукеев "Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторунун бирдиктүү реестрин түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу" жалпы процессине Казакстандын кошулуусу боюнча ишти улантууга министрликтин даярдыгын жана техникалык маселелерди иштеп чыгуу үчүн адистердин ортосунда үзгүлтүксүз жумушчу байланыштарды уюштурууга кызыкдарлыгын белгиледи.

Тараптар сурамдын жана сунуштун биргелешкен индикативдик баланстарын жана 2023-жылы айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрү менен соодалашуунун индикативдик (божомолдуу) көрсөткүчтөрүн түзүү боюнча биргелешкен ишти улантууну макулдашышты.

Ербол Карашукеев Артак Камалянды жана Агроөнөр жай саясаты департаментинин өкүлдөрүн ушул жылдын октябрь жана ноябрь айларында Астанада жана Алматыда өтө турган эл аралык агрардык көргөзмөлөргө катышууга чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча министрлер АӨК чөйрөсүндө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн потенциалын ишке ашырууга багытталган өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүү ниетин тастыкташты.