13-мартта Евразия экономикалык комиссиясынын агроөнөр жай блогунун жана Балык уулоо боюнча федералдык агенттиктин координациясынын алдында Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын жетекчилигинин катышуусунда "Балыктын баалуу түрлөрүн жабык суу менен камсыздоо орнотмолорунда өстүрүү" биргелешкен билим берүү онлайн-курсу ачылды. Билим берүү интенсиви үчүн тандалган теманын актуалдуулугу жана маанилүүлүгү ЕАЭБ өлкөлөрүндө бул тармактын динамикалуу өнүгүүсүн эске алуу менен аквакультура өндүрүшүнүн технологиялык тизмегинин бардык багыттары боюнча компетенцияларды калыптандыруу зарылдыгы менен шартталган.
"Бүгүнкү күндө биздин өлкөлөрдүн билим берүү чөйрөсүнүн алдында экономиканы инновациялык өнүктүрүүнүн заманбап тенденцияларына жооп берген адистерди даярдоо милдети турат. Ошондуктан бизнестин практикалык муктаждыктарына багытталган, ошондой эле жаңы технологиялардын тез пайда болушун жана жайылтылышын эске алган көндүмдөрдү жана билимдерди калыптандыруу маанилүү", – деп баса белгиледи ЕЭКтин Агроөнөр жай саясаты департаментинин директору Армен Арутюнян.
Долбоорго Армения, Беларусь, Кыргызстан жана Россиянын 14 билим берүү уюму катышууда. Курска болгон суроо-талап 350дөн ашык угуучулардын кызыгуусу менен тастыкталат.
Учурдагы окуу семестринде окуучулардын өз ара кызыкчылыгындагы дисциплиналар боюнча лекциялык сабактар онлайн режиминде өтөт. Курстун программасын окуп жатып, аквакультура жаатындагы алдыңкы жогорку окуу жайлардын студенттери тажрыйба алмашууга жана жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
"Аквакультураны өндүрүү тармагындагы биргелешкен жаңы билим берүү долбоору боюнча алынган билимдер жалпы тармактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө болот деп ишенем", – деп белгиледи Армен Арутюнян.
Балык уулоо боюнча федералдык агенттиктин жетекчисинин орун басары Василий Соколов курстун катышуучуларына саламдашуу сөзү менен кайрылды. Ал өз сөзүндө балык өстүрүү тармагынын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн технологиялык модернизациялоо, импортту алмаштырууну өнүктүрүү, кадрдык потенциалды өркүндөтүү зарыл экендигин белгиледи. Мындай долбоорлор билимди кеңейтүү жана билим берүү мекемелеринин ортосунда "көпүрө куруу" менен бул милдеттерди чечет. Мындай биргелешкен долбоорлор бизнес-коомдоштугу үчүн пайдалуу, анткени заманбап инновациялык деңгээлде маселелерди чечүүгө жөндөмдүү квалификациялуу кадрлардын пулун түзөт.
Семестрдин жыйынтыгы боюнча студенттер билим берүү курсун аяктагандыгы жөнүндө сертификаттарга ээ болушат.
Маалымат
Билим берүү курсу ЕЭКтин агроөнөр жай блогунун координациясы алдында, 2021-жылдын 24-ноябрындагы Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси үчүн кадрларды даярдоо чөйрөсүндө Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин өз ара иштешүүсүн өнүктүрүү боюнча меморандумду ишке ашыруунун алкагында уюштурулган.