ЕАЭБге жана анын мүчө мамлекеттерине карата үчүнчү тараптардын чектөө чараларынын реестри актуалдаштырылды
25.07.2025

Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан үзгүлтүксүз жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча "Соода" порталынын баракчасында Евразия экономикалык бирлигине жана анын мүчө мамлекеттерине карата үчүнчү тараптардын чектөө чараларынын жаңыланган реестри жайгаштырылган.

Азыркы учурда ЕАЭБдин негизги соода өнөктөштөрү жана соода-экономикалык макулдашууларды түзүү боюнча сүйлөшүүлөр түзүлгөн же жүргүзүлүп жаткан өлкөлөр тарабынан тышкы соодада тоскоолдук катары чыга ала турган 271 чектөө чаралары аныкталган.

Ошол эле учурда Ирандын үчүнчү өлкөлөрдөн кондитердик азыктардын импортуна тыюу салууну киргизген чектөө чарасы ЕАЭБ менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө толук форматтуу макулдашуу 2025-жылдын 15-майында күчүнө киргенден кийин жоюлган. Макулдашуунун жоболоруна ылайык, тараптар товарларды ташып келүүгө тыюу салууларды же чектөөлөрдү, анын ичинде квоталар, импорттук же экспорттук лицензиялар жана башка чараларды белгилебөөгө жана сактабоого милдеттеништи.

Сербия боюнча каттоо үчүн ЕС GMP сертификатын берүү жөнүндө талаптардын болушуна байланыштуу ЕАЭБ дары каражаттарынын жеткиликтүүлүгүнө карата техникалык тоскоолдук аныкталган.

Өзбекстандын чектөө чараларынын тизмеси тиричилик техникаларын киргизүүгө өзбек шайкештик сертификатын алуунун ачык эмес жана узакка созулган жол-жоболору менен толукталды.

ЕЭКтин үчүнчү тараптар менен соодадагы чектөө чараларын мониторингдөө жана четтетүү боюнча иши ЕАЭБ жөнүндө келишимдин жоболоруна ылайык жүзөгө ашырылат, аны ишке ашыруу үчүн 2018-жылы Комиссиянын Кеңешинин чечими менен Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери менен Евразия экономикалык комиссиясынын ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби бекитилген.

Мониторингди өткөрүү ЕАЭБге жана ага мүчө мамлекеттерге карата үчүнчү тараптардын чектөө чараларын четтетүү үчүн жолдорду табуу жана издөө маселелери боюнча системалуу ишти жүзөгө ашырууга багытталган.