Жаңылыктар

15.08.2023

Автомобилдик жана авиациялык бензинге, дизелдик жана кеме отундарына, реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отунга жана мазутка карата техрегламентке стандарттардын тизмеси актуалдаштырылган

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 15-августтагы отурумда Бажы бирлигинин "Автомобилдик жана авиациялык бензинге, дизелдик жана кеме отундарына, реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отунга жана мазутка талаптар жөнүндө" техникалык регламентине карата стандарттардын тизмесин актуалдаштырды.

Стандарттардын тизмегине өзгөртүүлөр стандарттардын тиешелүү тизмектерине киргизилген стандарттарды кабыл алууга, колдонууга, жаңыртууга жана жокко чыгарууга жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжалары боюнча даярдалган. Өзгөртүүлөрдүн максаты - стандарттардын актуалдуу версияларын колдонуу шарттарын түзүү жана аларды иштеп чыгууга жана колдонууга киргизүүгө жараша улуттук стандарттардан мамлекеттер аралык стандарттарга план ченемдүү өтүү.

Аталган техрегламентке карата стандарттардын актуалдаштырылган тизмегине 142 стандарт киргизилген. Алардын катарында - 112 мамлекеттер аралык стандарттар, анын ичинде 22си ISO эл аралык стандарттарынын негизинде иштелип чыккан;

Казакстан Республикасынын 14 улуттук стандарттары, алардын ичинен 7 – ASTM регионалдык стандарттарынын негизинде иштелип чыккан; Беларусь Республикасынын 5 мамлекеттик стандарттары, алардын ичинен 2 - ISO эл аралык стандарттарынын негизинде иштелип чыккан; Россия Федерациясынын 11 улуттук стандарттары.

Алмаштырылуучу стандарттарга карата аларды колдонуунун өткөөл мезгили белгиленген.