Жаңылыктар

01.06.2022 (Обновлено: 16.06.2022 12:15)

Лифттерге карата техникалык регламентке стандарттардын тизмектери актуалдаштырылды

Стандарттардын жаңыланган тизмектери Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдары менен биргеликте, эксперттердин жана бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда иштелип чыкты. Документ Бирликтин өлкөлөрүндө иштелип чыккан жана аракетке киргизилген мамлекеттер аралык стандарттардын жаңы версияларын эске алат.

Аларды ыктыярдуу негизде колдонуунун натыйжасында техникалык регламенттин талаптарынын сакталышы камсыз кылынган стандарттардын тизмегине 15 мамлекеттер аралык стандарт кирет, алардын 11 – мамлекеттер аралык стандарттар жана төртү – Россия Федерациясынын улуттук стандарттары.

Ыкмаларга карата стандарттардын тизмегине алты стандарт кирет, алардын төртү мамлекеттер аралык стандарттар жана экөөсү Россия Федерацияснын улуттук стандарттары.

Киргизилген стандарттардын көпчүлүк бөлүгү регионалдык стандарттардын негизинде иштелип чыккан (EN). Эл аралык нормаларга шайкеш келтирүү жана лифттердин жана алардын коопсуздук түзмөктөрүнүн шайкештигин баалоого карата бирдиктүү принциптерди белгилөө ушуну менен шартталган.

Стандарттарды колдонууга ийкемделүү максатында өткөөл мезгилдер каралган. ЕЭК Коллегиясынын чечими расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 180 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.