Таңгактарга карата техникалык регламентке стандарттардын тизмектери актуалдаштырылды

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 29-январдагы отурумда Бажы бирлигинин "Таңгактын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине карата стандарттардын тизмесин актуалдаштырды.

Стандарттардын тизмегине өзгөртүүлөр стандарттардын тиешелүү тизмектерине киргизилген стандарттарды кабыл алууга, колдонууга, жаңыртууга жана жокко чыгарууга жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжалары боюнча даярдалган. Өзгөртүүлөрдүн максаты – стандарттардын актуалдуу версияларын колдонуу шарттарын түзүү жана аларды иштеп чыгууга жана колдонууга киргизүүгө жараша улуттук стандарттардан мамлекеттер аралык стандарттарга план ченемдүү өтүү.

Талаптарды камтыган стандарттардын тизмесине 158 стандарт киргизилген. Алардын ичинде 154 мамлекеттер аралык стандарт (19 эл аралык стандарттардын негизинде, 7 европалык стандарттардын негизинде кабыл алынган); Беларусь Республикасынын эки улуттук стандарты, Казакстан Республикасынын улуттук стандарты жана Россия Федерациясынын улуттук стандарты.

Сыноо ыкмаларын белгилөөчү стандарттардын тизмесине 233 стандарт киргизилген, алардын ичинде – 176 мамлекеттер аралык стандарттар (27 эл аралык стандарттардын негизинде, экөө – европалык стандарттардын негизинде кабыл алынган); Беларусь Республикасынын 15 улуттук стандарттары, Казакстан Республикасынын 9 улуттук стандарттары, Россия Федерациясынын 13 улуттук стандарттары; 13 ведомстволук сыноо методикалары (методикалардын тексттерине жеткиликтүүлүк жөнүндө маалымат Комиссиянын расмий сайтынын "Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаменти" бөлүмүндө жайгаштырылган).

Алмаштырылуучу стандарттарга карата аларды колдонуунун өткөөл мезгили белгиленген.