Темир жол продукциясына стандарттарды иштеп чыгуу программалары актуалдаштырылды
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 9-июндагы отурумунда "Темир жол кыймылдуу курамынын коопсуздугу жөнүндө", "Жогорку ылдамдыктуу темир жол транспортунун коопсуздугу жөнүндө", "Темир жол транспортунун инфраструктурасынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттерди Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринде ишке ашырууну жана колдонууну камсыз кылуучу мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программалардын актуалдаштырылган редакцияларын бекитти.

Темир жол кыймылдуу курамы боюнча техникалык регламентке каралган программада ЕАЭБ мамлекеттеринин улуттук стандарттарынын негизинде 31 мамлекеттер аралык стандартты иштеп чыгуу, 17 мамлекеттер аралык стандартты кайра карап чыгуу, эки мамлекеттер аралык стандартка өзгөртүүлөрдү киргизүү, эки сыноо методикаларынын негизинде мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана үч жаңы мамлекеттер аралык стандартты иштеп чыгуу каралган.

Жогорку ылдамдыктуу темир жол транспорту боюнча техникалык регламентке каралган программа боюнча мүчө мамлекеттердин улуттук стандарттарынын негизинде 24 мамлекеттер аралык стандарт иштелип чыгат, 20 мамлекеттер аралык стандарт кайра каралып чыгат. Ошондой эле тогуз мамлекеттер аралык стандартка өзгөртүүлөрдү киргизүү, сыноо методикасынын негизинде бир мамлекеттер аралык стандартты жана эки жаңы мамлекеттер аралык стандартты иштеп чыгуу пландаштырылууда.

Темир жол транспортунун инфраструктурасы боюнча техникалык регламентке каралган программада Бирлик мамлекеттеринин улуттук стандарттарынын негизинде 14 мамлекеттер аралык стандартты иштеп чыгуу, сегиз мамлекеттер аралык стандартты кайра карап чыгуу, эки мамлекеттер аралык стандартка өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Мындан тышкары, үч жаңы мамлекеттер аралык стандартты иштеп чыгуу белгиленген.

Айрым мамлекеттер аралык стандарттар боюнча жооптуу иштеп чыгуучу аныкталган эмес жана "Келечектүү иштеп чыгуу" статусу белгиленген.