25-июнда Беларусь Республикасынын Молодечно шаарында Беларусь жана Россия региондорунун XIII Форумунун алкагында Бирлик мамлекетинин Стандартташтыруу жана сапат боюнча комитетинин биринчи отуруму болуп өттү. Иш-чарага Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Александр Субботин катышты.
Отурумда ушул жылдын февраль айында түзүлгөн Комитет ички рынокторду коопсуз эмес продукциядан коргоо, соода тоскоолдуктарын алдын алуу, товарлардын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн координациялык аянтча болууга багытталганы белгиленди.
Стандартташтырууну өнүктүрүүнүн заманбап тенденцияларын эске алуу менен жакынкы келечекке Комитеттин ишин пландоо маселелери каралды.
Александр Субботин Бирлик мамлекетинин жана Евразия экономикалык бирлигинин мейкиндигинде техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө ченем жаратуу ишин синхрондоштуруу боюнча демилге менен чыкты.
"Биз Бирлик мамлекетинин Стандартташтыруу жана сапат боюнча комитети менен Евразия экономикалык комиссиясынын өз ара аракеттенүүсү Бирлик мамлекетинин алкагында да, ЕАЭБ мейкиндигинде да техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мындан аркы иштин натыйжалуулугун жогорулатууга көмөктөшөрүнө ишенебиз. Биздин жалпы максатыбыз — продукциянын коопсуздугун, сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле өз ара соодадагы техникалык тоскоолдуктарды ырааттуу түрдө жоюу", — деп баса белгиледи ЕЭК министри.
Евразия экономикалык бирлигинде ички рынокту коргоонун уникалдуу инфраструктурасы түзүлгөн. Россия жана Беларусь ЕАЭБдин техникалык регламенттерине стандарттарды иштеп чыгуу программаларынын алкагында стандартташтыруу боюнча иштердин олуттуу бөлүгүн аткарышат. Бирликтин стандартташтыруу чөйрөсүндөгү компетенцияларын кеңейтүү жаңы Комитет менен тыгыз координацияны талап кылат.