Андрей Слепнев: "ЕАЭБ менен Монголиянын ортосундагы келишимдер сооданы өстүрүүгө өбөлгө түзөт жана масштабдуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну колдойт"
01.12.2025

Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев 1-декабрда Иркутскта Монголиянын Премьер-министрдин биринчи орун басары, экономика жана өнүктүрүү министри Жадамбын Энхбаяр менен эки өлкөнүн бийлик органдарынын, ишкердик жана эксперттик чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн бириктирген, Россиянын жана Монголиянын аймактарынын биринчи Форумунун талааларында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.


Тараптар ушул жылдын 27-июнунда кол коюлган ЕАЭБ менен Монголиянын ортосундагы Убактылуу соода келишими кыска мөөнөттө толук кандуу иштеши үчүн зарыл болгон конкреттүү кадамдарды талкуулашты.

"Документ күчүнө киргенге чейин тараптардын күтүүлөрү толук акталышы үчүн бир катар маанилүү кадамдарды ишке ашыруу зарыл", – деп баса белгиледи Андрей Слепнев.

 "Макулдашуу экономикалык болгону менен соода-экономикалык мамилелердин алкагынан чыгып, чоң мааниге ээ", – деди Жадамбын Энхбаяр.

Россия жана Монголиянын делегация башчыларынын жолугушуусунда Андрей Слепнев өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты ар тараптан өнүктүрүүгө багытталган чаралардын комплексин талкуулоого катышты.

"Саламат соода — бул тең салмактуу соода. Россия келишимдин иштешине жана биздин өлкөлөр чындап эле пайда алышына кызыкдар", — деди россиялык делегациянын башчысы, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук.

Форумдун пленардык сессиясында сүйлөгөн сөзүндө Андрей Слепнев катышуучуларга Убактылуу соода макулдашуусу менен түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берди.

"Биздин сүйлөшүп келишкендиктер сооданы өстүрүүгө гана эмес, Россия, Монголия жана Кытайдын ортосунда талкууланган масштабдуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну колдоого да арналган жана ошону менен катар темир жол инфраструктурасына, анын ичинде аны санариптештирүүгө, ошондой эле энергетикага, айыл чарбасына, өнөр жайга тиешелүү", – деп жыйынтыктады ЕЭК министри.