Андрей Слепнев: "ЕАЭБде товарларды электрондук соодалоо жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча принципиалдуу макулдашууларга жетишилди"
10.12.2024

Электрондук соода маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун (ЖДЖТ) отурумунун жыйынтыктары боюнча калган көйгөйлүү учурлар боюнча консенсус табылды жана ошентип, Евразия экономикалык бирлигинде товарларды электрондук соодалоо жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча принципиалдуу макулдашууларга жетишилди.

"Макулдашуунун негизги милдети Бирликтин бул чөйрөдө комплекстүү укугунун жоктугуна жана мүчө мамлекеттерде өзүнүн ченемдик-укуктук базасына жигердүү өнүгүүсүнө байланыштуу электрондук соода товарларынын эркин жүрүүсүнө тоскоолдуктардын пайда болуу тобокелдиктерин азайтуу болуп саналат", – деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев.

Макулдашууда материалдык жана санариптик товарлар, ошондой эле электрондук сооданы коштогон кызмат көрсөтүүлөр евразиялык "бешилтиктин" өлкөлөрүндө эркин жүгүртүлөрү каралган. Башкача айтканда, мүчө мамлекеттер товарларды сатуучуларга же маркетплейстерге карата Бирлик жөнүндө келишимде каралбаган тарифтик, тарифтик эмес жана башка мүнөздөгү кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизишпейт. Ал эми маркетплейстер ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнөн сатуучуларды жана сатып алуучуларды басмырлабашы керек.

Бир эле мезгилде бардык беш мамлекеттин мыйзамдарын сактоо зарылдыгынан келип чыккан жөнгө салуучу жүктү азайтуу үчүн Бирликтин деңгээлинде улуттуктан жогорку эрежелердин топтому кабыл алынат. Жалпы эрежелер боюнча ачык оферталар, товарлардын карточкалары таризделет, буйрутма жөнүндө маалымат чыгарылат, ошондой эле товарларды жана акча каражаттарын кайтаруу жүргүзүлөт. Бул товарды сатып алып жаткан өлкөгө карабастан, кызматтын кепилденген деңгээлин ала турган керектөөчү үчүн да, өзүнүн бизнес-процесстерин бирдиктүү платформада стандартташтыра ала турган сатуучулар/маркетплейстер үчүн да пайдалуу болот.

Ошондой эле электрондук сооданы "санарипке" өткөрүү пландаштырылууда. Азыркы учурда өз ара электрондук соода салттуу кагаз документ жүгүртүү түрүндө курулган, бул рыноктун бардык катышуучуларына ашыкча оорчулук келтирет. Бул чектөөнү четтетүү үчүн ЕЭК Кеңеши аныктай турган базалык моделге ылайык электрондук документтерди өз ара таануу мүмкүнчүлүгү каралган.

Келишим товарларды онлайн режиминде сатып алган жарандардын укуктарын коргоо алар жайгашкан өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт деп болжолдойт. Бул башка өлкөлөрдүн укугу боюнча териштирүүлөрдөн качууга мүмкүндүк берет, буга чейин бул иш жүзүндө керектөөчүнүн өз кызыкчылыктарын коргоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан.

Мындан тышкары, ЕАЭБде товарларды кайтаруу мөөнөтү боюнча бирдиктүү ченем колдонулат – 14 күндүн ичинде. Азыркы учурда бул мөөнөт олуттуу айырмаланат.

Ошондой эле спам-жөнөтмөлөрдү чектөө, жеке маалыматтарды милдеттүү коргоо боюнча чаралар бекитилген, рыноктун кесипкөй катышуучуларынын бирикмелеринин жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо коомдоштуктарынын базасында талаштарды сотко чейин чечүү боюнча инструментарий берилген. Мындай ыкма Бирликтеги бүтүндөй өз ара электрондук соодага бир катар өлкөлөрдө болгон талаш кырдаалдарды ийкемдүү жана тез чечүүнүн ийгиликтүү тажрыйбасын жайылтууга мүмкүндүк берет.

Жөнгө салуучулар үчүн да оң жактары бар – кеп өз ара аракеттенүүнү олуттуу жөнөкөйлөтүү, ачык маалыматтардын жеткиликтүүлүк деңгээлин жогорулатуу жана электрондук сооданын катышуучуларынын укуктарынын бузулушунун алдын алуу боюнча биргелешкен механизмди түзүү мүмкүндүгү жөнүндө болууда.

ЖДЖТ аянтчасында келечектеги Макулдашуунун базалык принциптери макулдашылгандан кийин Комиссия мамлекеттик ички макулдашууну жүргүзүү жана документтин долбооруна кол коюу үчүн зарыл болгон формалдуу жол-жоболорго өтөт.