Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев Индонезия менен эркин соода жөнүндө макулдашууга кол коюунун алдында Индонезия Республикасынын соода министри Буди Сантосо менен жолугушуу өткөрдү.
Ал Индонезия менен эркин соода жүргүзүү жөнүндө макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөр 2022-жылдын декабрында демилгеленгенин жана жемиштүү иштин жыйынтыгында товарлардын кеңири номенклатурасы боюнча өз ара пайдалуу бүтүм жөнүндө макулдашууларга жетишилгенин эске салды."Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн Индонезия менен товар жүгүртүүсү ишенимдүү өсүүнү көрсөтүүдө. Ошону менен бирге, биздин сооданын ишке ашырыла элек чоң потенциалы бар экенин биз, албетте, жакшы түшүнөбүз", – деп белгиледи ЕЭК министри.
Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер биринчи кезекте сооданын өсүшүнө тоскоолдуктарды жоюуга багыт алуу менен, макулдашууну келечекте ишке ашыруу маселеси боюнча ал ратификацияланып жаткан этапта эле активдүү диалогду колдоо зарылдыгы жөнүндө макулдашууга келишти.
Мурда маалымдалгандай, ЕАЭБ менен Индонезиянын эркин соода келишимине кол коюусу 21-декабрда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун алкагында күтүлүүдө."Биз ошондой эле макулдашууга катышуучу өлкөлөрдүн экономикасынын келечегин аныктай турган өнүгүү багыттарынын кеңири спектри боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүндүк берүүчү жоболорду киргиздик. Артыкчылыктуу багыттардын катарында санариптик сооданы, логистиканы, илимий изилдөөлөрдү, энергиялык натыйжалуулукту, алдыңкы медициналык технологияларды, биргелешкен билим берүү программаларын жана долбоорлорун көрөбүз", – деп кошумчалады Андрей Слепнев.