Жаңылыктар

16.02.2023 (Обновлено: 17.02.2023 16:52)

Андрей Слепнев: "ЕАЭБ жана Кытай электрондук документ жүгүртүүнү киргизүүнүн эсебинен темир жолдор аркылуу жүк ташууну жеңилдетет"

Евразия экономикалык бирлиги жана Кытай Эл Республикасы практикалык тегиздикте тараптардын соода-экономикалык өз ара аракеттенүүсүн активдештирүүгө жана каныктырууга багытталган жол картасына кол коюшту. Салтанат соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Биргелешкен комиссиянын үчүнчү отурумунун алкагында болуп өттү. Аталган отурум Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепневдун жана КЭРдин коммерция министринин орун басары Ли Фэйдин төрагалыгы алдында 16-февралда видеоконференцбайланыш форматында өткөн.

Документ үч бөлүктү камтыйт: транспорттук коридорлорду санариптештирүү, тышкы соода саясаты маселелери боюнча диалогдор, ошондой эле ЕАЭБ менен КЭРдин кызматташтыгын тереңдетүүнүн ар кандай сценарийлеринин натыйжалары жөнүндө биргелешкен илимий изилдөө жүргүзүү.

"Биринчи бөлүмдүн иш-чаралары тараптардын электрондук-санариптик кол тамганы пайдалануу менен темир жол жүк ташууларында документтерди алмашуунун электрондук формасына баскычтар боюнча өтүүсүн болжолдойт. Бул биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода процедураларын жеңилдетүүгө жана жүктөрдү ташууну тездетүүгө мүмкүндүк берет деп ишенем", – деп белгиледи Андрей Слепнев.

Мындан тышкары, бажы чөйрөсүндө, ошондой эле ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү каралат. Деңиз жана автомобиль транспорту жагында тараптардын ортосунда электрондук логистикалык маалымат жаатында тажрыйба алмашуу пландаштырылган.

Жол картасынын экинчи бөлүмү эл аралык соодага олуттуу таасир тийгизген соода саясаты маселелери боюнча туруктуу диалогду түзүүгө багытталган. Кытай тарап менен 2023-2024-жылдар аралыгында талкуулоо үчүн төмөнкү багыттар макулдашылган: климат күн тартиби, ЕАЭБдин жана КЭРдин тышкы соодасын өнүктүрүү стратегиялары, ички рынокту коргоо чараларын колдонуунун эл аралык практикасы, электрондук соода.

Үчүнчү бөлүмдө ЕАЭБ жана КЭРдин илимий чөйрөлөрү тарабынан ЕАЭБ, анын мүчө мамлекеттеринин жана Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүнүн ар кандай сценарийлеринин натыйжаларына комплекстүү талдоо жүргүзүү каралат.

Маалымат

Бир тарабынан Евразия экономикалык бирлиги жана анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тарабынан Кытай Эл Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу, 2018-жылдын 17-майында кол коюлган, 2019-жылдын 25-октябрында күчүнө кирген.

Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Биргелешкен комиссиянын мындан мурунку, экинчи отуруму ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепневдун жана КЭРдин коммерция министринин орун басары Ван Шоувэньдин төрагалыгы алдында видеоконференцбайланыш форматында 2021-жылдын 21-декабрында өткөрүлгөн.