Башкы
/
Жаңылыктар
/
Андрей Слепнев: "ЕАЭБ менен Монголия убактылуу соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү аяктап, ага кол коюу жол-жоболорун башташты"
Андрей Слепнев: "ЕАЭБ менен Монголия убактылуу соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү аяктап, ага кол коюу жол-жоболорун башташты"
14.05.2025
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Евразия экономикалык бирлиги менен Монголиянын ортосундагы убактылуу соода келишиминин долбоорун жактырды жана аны мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү үчүн мүчө мамлекеттерге жөнөттү.
"Монголиялык тарап менен жүргүзүлгөн кошумча консультациялардын жыйынтыгы боюнча өнөктөш менен убактылуу соода келишимине кол коюу үчүн зарыл болгон жол-жоболор башталды. Документ ар бир тараптан 367 товардык субпозицияны камтыйт", – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.Ал макулдашууга кол коюлгандан жана күчүнө киргенден кийин ЕАЭБ өлкөлөрү Монголиянын рыногуна дан эгиндери (буудай, арпа, жүгөрү), эт продукциясы (чочко эти, тоок), сүт продукциясы (кургак сүт, йогурттар, сыр, май), бал, өсүмдүк майлары (күн карама, жана соя), кант, металлургиялык продукция (ферроэритмелер, прокат МК, прокат ХК, таяктар, бурчтар, түтүктөр ж. б.), мотордук транспорт каражаттары (автомобилдер, автобустар, жүк ташуучу унаалар, атайын техника, автокомпоненттер, чиркегичтер ж. б.), химиялык өнөр жай продукциясы (полимерлер, пластик плиталар жана тетиктер), шиналар ж. б. сыяктуу принципиалдуу позициялар боюнча преференциялык жеткиликтүүлүккө ээ болорун тактады.
"Ошондой эле биздин рынокто монгол товарларын, анын ичинде алардын экспорттук кызыкчылыктагы негизги товарларын: эт-сүт продукциясын (жылкынын эти, бодо малдын эти, кой эти, эт консервалары, субпродуктулар, йогурттар, сыр ж.б.), жеңил өнөр жай продукциясын (атап айтканда жүн, жиптер, ошондой эле даяр трикотаж жана текстиль кийимдери) тосуп алууга кубанычтабыз", – деп баса белгиледи ЕЭК министри.
Андрей Слепнев убактылуу соода келишимин түзүү өз ара сооданын андан ары өсүшү үчүн пайдалуу шарттарды түзөт жана жалпысынан ЕАЭБ мамлекеттеринин Монголия менен салттуу достук мамилелерин бекемдөөгө өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.