Андрей Слепнев: "ЕАЭБ санариптик транспорттук документтерди колдонуу менен темир жол аркылуу жүк ташуулардын көлөмүн жогорулатууда"
21.07.2025

Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчыларына ЕАЭБ ичинде жана үчүнчү өлкөлөр менен, атап айтканда, Кытай Эл Республикасы менен темир жол аркылуу жүк ташууларды санариптештирүү боюнча планды ишке ашыруу тууралуу ар жылдык баяндаманы сунуштоонун алдында айтып берди.

Буга чейин экономиканын мүмкүн болгон бардык тармактарын санариптештирүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө "бешилтик" өлкөлөрүнүн лидерлери бир нече жолу айтышкан. Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин июнь айындагы Минсктеги отурумунда эле "санариптик трансформацияны тоскоолдуктарды жоюунун жана өз ара соодада ачык-айкындуулукту жогорулатуунун аспабы катары карай турганын" баса белгилеген. Өз кезегинде Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко "интеграцияланган евразиялык транспорттук-логистикалык коридорлор башкаруунун бирдиктүү санариптик платформасы бар акылдуу, мультимодалдык экологиялык артерияларга айланышы керек" деп белгилеген.

"Жалпысынан санариптештирүү жана жасалма интеллект биздин мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын тизмесине кирет. Электрондук коммерция, санариптик документ жүгүртүү, башкаруунун жана логистиканын автоматташтырылган тутумдары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларынын ажырагыс элементтери болуп калды", – деп констатациялаган Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев.

Бул контекстте ЕЭКтин жүк темир жол менен ташууларды санариптештирүү жагындагы иши тиешелүү практикалык иштин мисалы катары каралат, анын натыйжасы жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана бизнес үчүн коромжуларды азайтуу, ошондой эле товарлардын кыймылын максималдуу тездетүү болуп саналат.

"2024-жылга карата ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы жана Россия Федерациясынын ортосундагы темир жол ташууларында санариптик транспорттук документтерге өтүүнү камсыз кылышты", – деп белгиледи Андрей Слепнев.

Атап айтканда, "Россия темир жолдору" ААКнын жана "Беларус темир жолу" мамлекеттик бирикмесинин ортосунда акыркы бир нече жыл ичинде электрондук маалыматтарды алмашуу деңгээли 90%дан кем эмес жетишилген, ал эми казакстандык "КТЖ" УК" АК менен Россиянын жана Кыргызстандын темир жол ташуучуларынын ортосунда мындай деңгээл 80%дан ашкан.

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Россия Федерациясынын электрондук документтер боюнча ташууларынын көлөмү Беларусь Республикасы менен 90% жана Казакстан Республикасы менен 79% түзгөн.

Электрондук товар коштоочу документтерге өтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди да белгилей кетүү маанилүү. Алсак, "РЖД" ААК тарабынан жүк жөнөтүүчүдөн/экспедитордон электрондук кол тамга менен кол коюлган товарларды коштоочу документтерди бажы органдарына берүү жана бажы жол-жобосу аяктаганда бажы операцияларын жүргүзүү үчүн "Беларус темир жолу" мамлекеттик бирикмесине өткөрүп берүү менен өздөрүнүн маалымат тутумдарына кабыл алуу мүмкүнчүлүгү ишке ашырылган. Бул технология Россия менен Беларустун ортосунда "Интертран" долбоорунун алкагында ташууларда колдонулат.

Азыркы учурда "бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык товарларды ташууну контролдоо процессинде ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин бажы органдарынын ортосунда электрондук документтер жана/же маалыматтар менен алмашууну камсыз кылуу" жалпы бажы процессин ишке киргизүү максатында мамлекеттер аралык тестирлөө өткөрүлүүдө.

"ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин ортосунда темир жол жүк ташууларын санариптештирүүдөн тышкары КЭР менен активдүү иштер жүргүзүлүүдө. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Россиянын жана Кытайдын темир жол ташуучуларынын ортосундагы туура электрондук билдирүүлөрдүн көлөмү 90%ды түзгөн. Казакстан жана Кытай темир жолдорунун ортосунда электрондук алмашууга тийиштүү маалыматтардын толуктугу жана сапаты 80-90%га жетти", – деп улантты ЕЭКтин соода боюнча министри.

Ал баса белгилегендей, жүк ташууларды санариптештирүү жаатында КЭР менен кызматташуунун маанилүү учуру 2024-жылдын декабрында Чек ара аралык электрондук документ жүгүртүүнү ишке ашыруу үчүн сертификаттарды чыгаруу боюнча Россия менен Кытайдын темир жол ташуучуларынын күбөлөндүрүүчү борборлорунун өз ара аракеттенүүсү жөнүндө макулдашууга кол коюу болуп калды. Бул документ эки өлкөнүн темир жолдорунун ортосунда электрондук кол тамганы колдонууну камсыз кылат.

2024-жылдын декабрь айынын аягында Транс-Байкал-Маньчжурия чек ара өтмөгү аркылуу "РЖД" ААК жана "Кытай темир жолу" мамлекеттик ишканасынын ортосунда экспорттук-импорттук байланыш аркылуу тесттик кагазсыз жүк ташуулар башталды.

2025-жылы электрондук коштомо кагаз менен жол-жоболоштурулуучу ташуулардын географиясын акырындык менен кеңейтүү пландаштырылууда.

ЕЭК тарабынан транспорттук коридорлорду санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин маанилүүлүгүн ЕАЭБге караштуу байкоочу өлкөлөрдүн президенттеринин июнь айында Минскте өткөн саммитинде айткан сөздөрү да баса белгилейт. Иран Президенти Масуд Пезешкиан "санариптик технологиялар жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө жана маалымат алмашууга жана сооданын жаңы түрлөрүнө көмөктөшүү үчүн инфраструктураны" түзүү зарылдыгын белгилеген. Ал эми Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев өлкөнүн "ЕАЭБдин маанилүү демилгелерине, анын ичинде Евразиялык агроэкспресс, электрондук сооданы өнүктүрүү, жүк ташууларды санариптештирүү жана климаттык күн тартиби сыяктуу долбоорлорго жана программаларга активдүү катышуусуна" өзүнчө токтолду.