Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев Астанада өткөн V Евразия экономикалык форумунун алкагында "Жаңы убакыттын режиминдеги евразиялык соода жана логистика" сессиясында сүйлөп жатып билдирди.
Бүткүл дүйнө Жакынкы Чыгыштагы туруксуздукка байланышкан чоң көйгөйлөрдү баштан кечирип жаткан кезде, соода каттамдарынын коопсуздугуна жана алардын туруктуулугуна байланышкан маселелер андан да чоң мааниге ээ болууда. Бул планда логистикалык байланыштарды өнүктүрүү боюнча иш бүгүнкү күндө кыйла баалуу болуп жатат. Бул багытта ЕАЭБ "Чыгыш — Батыш" жана "Түндүк — Түштүк" багыттары боюнча ички континенттик каттамдарды өнүктүрүү боюнча чоң жолду басып өттү, мында, мисалы, Кытайдан Европага жеткирүү деңиз боюнча жеткирүүлөргө караганда арзаныраак боло баштады. Бирок жаңы транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө инвестиция тартууну улантуу маанилүү, бул алар аркылуу ондогон эмес, жүздөгөн миллион тонна жүк ташылышы үчүн зарыл."Негизги чакырык акыркы жылдары дүйнөлүк соода, дүйнөлүк экономика жана бүтүндөй дүйнө башынан кечирип жаткан эң олуттуу трансформацияда турат. Ошондуктан биздин милдет бул трансформациянын темпине жана мазмунуна шайкеш келүүдө турат", — деп белгиледи ЕЭК министри.
Иш-чаранын катышуучулары өнөктөш өлкөлөр менен соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн, кагазсыз логистиканы калыптандыруунун жана транспортто "акылдуу" технологияларды колдонуунун контекстинде соода каттамдарын куруу маселелерин карашты. Ошондой эле Иран жана Монголиянын мисалында учурда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор жана Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин бизнесинин иштеп жаткан өнөктөштөр менен кызматташтыгын өнүктүрүү тенденциялары талкууланды."Биз бул байланышта жүк базасын түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Ал эми жүк базасы — бул биздин эркин соода тууралуу макулдашууларыбыз", — деп эскертти Андрей Слепнев, мында колдонуудагы макулдашуулар боюнча да сооданын өсүшүн, ошондой эле өткөн жылы түзүлгөн жаңы макулдашуулардын жана азыркы учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан макулдашуулардын да потенциалын белгилеп өттү.
Дагы бир сессия глобалдык климаттык демилгелердин ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасына тийгизген таасирин талдоого арналды. Өзгөчө көңүл эл аралык рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү камсыз кылуу үчүн маанилүү куралга айланып бара жаткан продукциянын көмүртек изинин стандарттарына бурулду. Ошондой эле эркин соода жөнүндө макулдашуулардын алкагындагы климаттык күн тартибинин маселелери жана Бирликтин өлкөлөрүндө ишке ашырылып жаткан климаттык долбоорлор да көңүл борборунда болду.
Андрей Слепнев мисал катары Евразия экономикалык бирлигинин товар жүгүртүүсүнүн үчтөн бир бөлүгүнөн ашыгын түзгөн Кытай азыр ишке ашырып жаткан пландарды келтирди. Өлкө продукциянын көмүртек изин чынжыр боюнча контролдоо жолунда баратат: 2027-жылдан тартып ал 200гө жакын товардык категорияны камтыйт, ал эми 2030-жылдан баштап бир нече миң товарды камтып, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экспортунун болжол менен 15%ына таасирин тийгизет. Бул бөлүгүндө кытайлык өнөктөштөр жаңы жөнгө салууну белгилөөгө байланыштуу соодага зыян келтирүүчү чаралардын болбошуна багытталган биргелешкен чечимдерди иштеп чыгууга даяр.