Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев менен Монголиянын экономика жана өнүгүү министринин орун басары Содномдаржаа Даваасурен баштаган монгол министрликтеринин жана мекемелеринин жетекчилеринин жолугушуусу өттү.
Монголиянын башкы бажы башкармалыгынын, Монголиянын стандартташтыруу жана метрология агенттигинин, Ветеринария боюнча башкы департаментинин, Өсүмдүктөрдү коргоо боюнча улуттук уюмунун жетекчилиги катышкан жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыкты күчөтүүнүн негизги багыттарын талкуулашты.
"Өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн драйвери болуп Евразия экономикалык бирлиги менен Монголиянын ортосунда өткөн жылдын жайында кол коюлган Убактылуу соода келишими саналат. Номенклатуранын чектелгендигине карабастан, макулдашуу тараптарга дээрлик бардык негизги сатылуучу товарлар боюнча экспортту көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Биздин баамыбыз боюнча, айыл чарба жана өнөр жай продукцияларынын экспортунун өсүшү үчүн бардык өбөлгөлөр бар", – деп белгиледи Андрей Слепнев.
Жолугушуунун жүрүшүндө Убактылуу соода келишимин ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-чаралар планын иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулду.
"Бул планга ЕАЭБдин кызыкдар мамлекеттери менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын потенциалын жигердүү ачууга багытталган практикалык иш-чаралар кирүүгө тийиш. Планды түзүүдө эң оболу бизнес-коомдоштугунун конкреттүү суроо-талаптарын, анын ичинде бажылык контролдоо, соодадагы техникалык тоскоолдуктар жана СФС-чаралары жаатындагы, ошондой эле электрондук соода каналдарын өнүктүрүү жагындагы суроо-талаптарын эске алабыз", - деп баса белгиледи ЕЭК министри.
Андрей Слепнев ошондой эле Россия-Монголия ишкерлер форумуна катышты. Ал бизнеске жогоруда айтылган планды ишке ашыруунун алкагында чечилиши керек болгон негизги милдеттерди сунуштады.
Атап айтканда, Монголиядан эт жана эт азыктарынын экспортун олуттуу түрдө жогорулатуу максаты, анын ичинде өнөктөштүн мал чарба тармагын вакциналар менен камсыздоо контекстинде белгиленди. Бирликтин бажы эрежелери жөнүндө монгол бизнесинин маалымдуулугун күчөтүү боюнча чаралар талкууланды. Монгол продукциясынын ЕАЭБдин милдеттүү талаптарына шайкештигин тастыктоодогу кыйынчылыктарды чечүү боюнча мындан аркы кадамдар белгиленди.
«Суроолор бар жана алар дайыма эле жөнөкөй эмес – соода чындыгында эле байкаларлык өсүштү көрсөтүшү үчүн көп иштерди аткаруу керек". Бирок биз бул жолду монголиялык өнөктөштөр менен бирге басып өтүүгө жана бизнеске бардык зарыл болгон колдоо көрсөтүүгө даярбыз", – деп жыйынтыктады Андрей Слепнев.
Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги жана анын мүчө мамлекеттери, экинчи тараптан Монголиянын ортосундагы Убактылуу соода келишимине 2025-жылдын июнь айында Минск шаарында өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын алкагында кол коюлган. Учурда тараптар макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ратификациялоо жол-жоболору жүргүзүшүүдө.