Жаңылыктар

07.09.2022 (Обновлено: 15.09.2022 10:47)

Андрей Слепнёв: "Чоң Евразия өнөктөштүгү" идеясы бай жана суроо-талапка ээ, аны мазмунга толтуруу керек"

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Владивостокто өткөрүлгөн VII Чыгыш экономикалык форумунун алкагындагы "Чоң Евразия өнөктөштүгү: экономикалык өнүгүү жолдору" сесссиясында сөз сүйлөп жатып билдирди.


"Бүгүнкү күндө санкциялар жөнүндө азыраак кеп кылып, алдыга карай карап, бир кыйла мурдараак пайда болгон көрүнүштөрдөн алагды болбош керек деп эсептейм. Ал эми бул – глобалдаштыруудан региондоштурууга өтүү маселеси, Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинен бери дүйнөлүк экономиканын негизи болуп келген бир катар эл аралык институттарды жоюу маселеси, бул – артында жаңы технологиялык тартип турган климаттык күн тартиби", – деген ишеничин билдирди ал.

Бул контекстте негизинде катышуучулардын максаттарынын өз ара байланыштуулугу жана аларга жетүү ыкмаларына карата жалпы түшүнүктөр жаткан өнөктөштүк элементтерин кароо зарыл. Чоң Евразия өнөктөштүгүнүн катышуучуларынын, анын ичинде Кытайдын, Индиянын, Орто Азия өлкөлөрүн жана башка мамлекеттердин максаттары – кыска мөөнөттүү перспективада өздөрүнүн экономикаларынын туруктуулугун жогорулатуу жана натыйжада дүйнөлүк экономиканын калыптанып жаткан жаңы тутумунда татыктуу позицияларга жетишүү.

"Максаттар айкын, ал эми РФ Президенти Владимир Владимирович Путин тарабынан сунуш кылынган жана биз, албетте, колдогон ыкма – бул көп полярдуулук жана өз ара байланыштуулук", – деп Андрей Слепнёв баса белгиледи.

ЕАЭБ экономикасы, Кытай экономикасы, Индия экономикасы ж.б. сыяктуу уюлдар келечекте өз ара аракеттенүүнүн механизмин иштеп чыгышы зарыл. Европа бирлиги жөнүндө айтып жатып, ЕЭКтин соода боюнча министри анын өз алдынчалыгынын төмөндөө тенденциясын белгилеп өттү.

"ШКУ, БРИКС аянтчаларында кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде бирикмени кеңейтүү мүмкүнчүлүгү боюнча сунуштар бар. Бирок бул жерде күн тартиби маселеси чыга келет, анткени аны конкреттештирүү негизги элемент болуп саналат. Балким, физикалык инфраструктура же "коннективити" темалары маанилүү чыгар, көңүл борборунда бирдиктүү эсеп-кысаптар жана көз карандысыз каржы тутуму маселелери, ошондой эле жаңы технологиялык тартип контекстинде, климат жана санариптештирүү контекстинде технологиялык суверенитет жана кооперация болушу керек", – деп улантты ЕЭК министри.

Ал ЕАЭБдин интеграциялык долбоорлору, "Батыш – Чыгыш" коридору боюнча кабыл алынган чечимдер, өткөрүү пункттарындагы көйгөйлөрдү чечүү сыяктуу темаларга кеңири токтолуп өттү. 

Андрей Слепнёв "Түндүк-Түштүк" коридорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, аны жөн гана транспорттук долбоор эмес, кадимки экономикалык коридор деп атады. Инфраструктуралык чектөөлөрдү гана эмес, логистикалык, регулятордук чектөөлөрдү жоюу жөнүндө, ошондой эле алымдарды төмөндөтүү жөнүндө айтуу зарыл. Буга байланыштуу ЕЭК министри ЕАЭБдин, Азербайжандын, Орто Азия өлкөлөрүнүн, Индиянын жана Ирандын катышуусунда көп тараптуу кызматташтык механизмин түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени койду. 

Эсеп-кысаптар тутуму жөнүндө айтып жатып, Андрей Слепнёв "рубль – риал" валюта жубундагы тике тооруктар башталгандыгын эске салып өттү, Кытай менен улуттук валюталарда эсеп-кысап жүргүзүү боюнча керектүү чечимдер бар. Эгер мурда төлөм тутумдары жөнүндө сөз жүргөндө универсалдуу SWIFT платформасы жөнүндө айтылып келсе, эми кандайдыр бир моно-чечимдерди элестетүү кыйын, өз ара байланыштуулук, улуттук тутумдарды таануу жана пайдалануу жөнүндө сөз кылуу керек. 

Аягында министр, технологиялык суверенитет акыр аягында мамлекеттик суверенитетти да аныктоочу технологиялар темасына тийип өттү. Тийиштүү иштерди баары жүргүзүүдө, бирок бүткүл спектр боюнча чыныгы атаандаштыкка жөндөмдүү экономикаларды түзүү үчүн ар биринин өз-өзүнчө ресурстары жетеби. "Бул жерде жооп айдан ачык: биригүү, бүгүнкү күндө негизги оюнчулар аталган технологиялык монополизм эмес, технологиялардын атаандаштыгы жана алардын көп варианттуулугу моделине өтүү керек", – деген пикирин билдирди Андрей Слепнёв. 

Сессиянын ишине Россия Федерациясынын экономикалык өнүгүү министринин орун басары Дмитрий Вольвач, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин ММЭМИнин дипломатия кафедрасынын башчысынын милдеттерин аткаруучу Кирилл Барский, Россиянын Сбербанкынын башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары Александр Ведяхин, "РУССОФТ" КэӨ президенти Валентин Макаров, "Россия сапат тутуму" АКэУнун жетекчиси Максим Протасов, РӨИБ президенти Александр Шохин катышышты. Талкуунун модератору ТАСС маалымат агенттигинин башкы редактору Михаил Петров болду. 

Ошондой эле, форумдун аянтчасында Андрей Слепнёв Индонезия Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хосе Антонио Морато Таварес менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аталган өлкөнүн ЕАЭБ менен соода-экономикалык кызматташтыгынын абалын, ошондой эле эркин соода жөнүндө макулдашууну түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн перспективаларын талкуулашты.

 Мындан сырткары, ЕЭКтин соода боюнча министринин "Россия – АСЕАН" Ишкердик кеңешинин төрагасы Иван Поляков жана Кытайдагы "Хуа Но Э Сян" Россия соода компаниясынын (ВЭБ.РФ тобу) директорлор кеңешинин төрагасы Артём Шаров менен маеги болуп өттү.