Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев өзү модераторлук кылган Петербург эл аралык экономикалык форуму – 2026 алкагындагы "Турбуленттүү мезгилдеги соода" сессиясын ачып жатып билдирди.
"Турбуленттүүлүк бир эле учурда бир нече тегиздикте байкалууда. Биринчиден, дүйнөдө бир эле учурда жана бирдей күчтө үч идеология ишке ашууда: негизги драйвери Кытай болгон эркин соода жана ааламдашуу; АКШнын саясаты анын ишке ашкан көрүнүшү болуп саналган меркантилизм жана протекционизм; ошондой эле жаркын мисалы катары ЕАЭБ, ШКУ жана БРИКС саналган регионализм", – деп белгиледи ЕЭК министри.
Экинчиден, Андрей Слепневдин айтымында, логистиканын жана соода каттамдарынын трансформациясы жүрүп жатат, ал эми үчүнчүдөн – технологиялык трансформация орун алууда. Мындай көп оюнчу катышкан динамикада ар бир өлкө кыска мөөнөттүн ичинде өзүнүн стратегиялык чечимдерин кабыл алышы керек, анткени анын дүйнөлүк экономикадагы орду мына ушул чечимдерден көз каранды болот.
Сессиянын катышуучулары көп тараптуу соода тутумунун келечегин жана эл аралык бирикмелердин ролун, ири экономикалардын соода саясатынын протекционизм, регионализм жана экспансия сыяктуу негизги тренддерине болгон реакцияны, ошондой эле климаттык күн тартибинин жана санкциялардын таасири астында дүйнөлүк сооданын өзгөрүү маселелерин карап чыгышты.
Талкууга Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары, ЕЭК Кеңешинин мүчөсү Алексей Оверчук, ошондой эле эркин соода жөнүндө түзүлгөн же иштелип чыгып жаткан макулдашуулар боюнча Евразия экономикалык бирлигинин өнөктөш өлкөлөрүнүн – Монголиянын, Сербиянын жана Индиянын өкүлдөрү катышты.
Андрей Слепнев ошондой эле "Эл аралык электрондук соода: жаңы мүмкүнчүлүктөр же жаңы тоскоолдуктар" сессиясында сөз сүйлөдү. Ал электрондук соода жалпысынан дүйнөлүк сооданын өзгөрүшүнүн глобалдык трендинин алкагында каралышы керек болгон маанилүү элемент экенин баса белгиледи.
"Бул контекстте сөз электрондук сооданын ролунун жогорулашы, ошондой эле эл аралык атаандаштыктын жана протекционизмдин күчөшү жөнүндө болуп жатат. Эми эч ким электрондук сооданы соода агымдарынын четинде өнүгүп жаткан жаңы нерсе катары кабыл албайт", – деп баса белгиледи ЕЭК министри.
Экинчи жагынан, анын айтымында, Бирлик үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр да пайда болууда. Биринчи кезекте ЕЭКтин эркин соода жөнүндө макулдашуулар боюнча жүргүзүп жаткан ишине көңүл буруу керек: алардын бардыгында электрондук коммерция боюнча баптар камтылган, ошону менен бирге тиешелүү позициялар өнүктүрүлүүдө.
Андрей Слепневдин пикири боюнча, биздин платформалар жана маркетплейстер буга чейин эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнесинин тышкы рынокторго чыгуусу үчүн толук кандуу канал катары кызмат кылууда жана анын мааниси динамикалуу түрдө өсүүдө. Муну менен катар, Кытайда жана макулдашуулар боюнча Бирликтин башка өнөктөш өлкөлөрүндө чоң суроо-талапка ээ болгон брендделген агроазык-түлүк продукциясынын нишасында өзгөчө перспективалар пайда болууда.