Андрей Слепнев: «ЕАЭБдин жаңы соода макулдашуулары 300 миңден ашык кошумча жумуш ордун түзүүгө мүмкүндүк берет»
31.08.2026

Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев Москвадагы «Россия» улуттук борборунда өткөн «Мекен – бул адамдар. Чоң Евразияны жаратуу» тематикалык иш-чарада билдирди.

«Эгерде 2019-жылы эле Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин тышкы соодасында Батыштын үлүшү 60%ды түзсө, азыр ал 20%дан төмөн. Тескерисинче, глобалдык Түштүк өлкөлөрүнүн үлүшү 40тан 80%га чейин өстү – жана бул тышкы сооданын көлөмү дээрлик төмөндөбөгөн шартта, – деп белгиледи ЕЭК министри. – Биз мурдагы рынокторду ыкчам кеңейтүүгө, жаңыларын табууга, жаңы байланыштарды түзүүгө жетиштик».

Колдонуудагы келишимдерге токтолуп, Андрей Слепнев Вьетнам менен Бирликтин алкагындагы эркин соода жөнүндө эң биринчи макулдашууну мисал катары келтирди, анын натыйжасында эт товарларынын, минералдык жер семирткичтердин, химиялык продукциянын жана металлургиянын экспорттук жеткирүүлөрү эселеп өскөн. Ал эми мындай өсүштүн артында, ЕЭК министри баса белгилегендей, бир топ жумуш орундарынын пайда болушу турат.

Анын айтымында, Монголия, БАЭ жана Индонезия менен күчүнө кирип жаткан макулдашуулар боюнча да жакшы перспективалар байкалууда, мында товарларды жеткирүүнүн кошумча түрдө болжол менен 12 миллиард долларга көбөйүшү күтүлүүдө, бул болсо ЕАЭБдин экономикасында 160 миңдей кошумча жумуш ордун түзөт.

«Индия багыты да – көптү үмүттөндүрөт. Бул жерде биз жеткирүүлөрдүн болжол менен он миллиард доллар өлчөмүндө өсүшүн күтүп жатабыз. Бул дагы 180 миңге жакын жаңы жогорку өндүрүмдүү жумуш ордун түзөт», – деп баса белгиледи Андрей Слепнев.

ЕЭК министринин пикири боюнча, көптөгөн соода макулдашуулары аймактардын экономикасын чыңдоо үчүн чоң өбөлгө болуп саналат. Айрыкча Монголия менен түзүлгөн келишим Россиянын Иркут облусунун, Бурятиянын жана Тыванын натыйжалуу өнүгүшүнө өзгөчө көмөк көрсөтөт. Буга байланыштуу ЕЭК министри сентябрь айына пландаштырылган региондордун экинчи форумун жана Монголия менен биргелешкен комитеттин биринчи отурумун анонстоду.

Тематикалык иш-чарага Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөсү, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук катышты.


Скачать исходники фотографий